Посты автора admin

admin

admin

«МАНАС» ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУ ЭЛ АРАЛЫК КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ ИНВЕСТОРДУ ИЗДӨӨ БОЮНЧА КОНКУРСУН КҮТҮҮДӨ

Опубликовано: 30.04.2022 в 15:05

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Тэги: ,,,,,

«Манас» эл аралык аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесинин жана конкурстук документациясынын бет ачары болуп өттү. 2022-жылдын 28-апрелинде Бишкектеги «Орион» мейманканасында Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) консультанттары «Манас» эл аралык аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча МЖӨнүн долбоорунун техникалык жана укуктук экспертизасынын, финансылык анализинин жана болжолунун, алдын ала маркетингинин жана түзүмүнүн жыйынтыктарын көрсөттү. Долбоордун экологиялык жана социалдык маселелери боюнча отчету аяктоодо. 2022-жылдын май айында МЖӨнүн «Манас» аэропортун модернизациялоо  долбоору боюнча жыйынтыктоочу бет ачары потенциалдуу инвесторлор менен роуд-шоу учурунда көрсөтүлөт. Ошентип 2021-жылдын 1-декабрынан тартып «Манас» эл аралык аэропортунун акционерлеринин кезексиз жыйынында ЭФК (IFC) аэропортту модернизациялоо боюнча МЖӨ долбоорунун консультанты болуп бекитилди. 2021-жылдын 19-октябрынан МЖӨнүн «Манас»эл аралык аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү долбоору боюнча финансылык консультациялык кызматтарды көрсөтүү  жөнүндө келишимге кол коюлгандан тартып,  ЭФК (IFC)  консалтинги ачык-айкын конкурстун негизинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көздөгөн экономикалык жактан пайдалуу шарттарда квалификациялуу эл аралык инвесторду тартууга олуттуу көмөк көрсөтүүдө.

“MANAS” INTERNATIONAL AIRPORT IS AWAITING A TENDER TO FIND AN INTERNATIONAL QUALIFIED INVESTOR

Опубликовано: 29.04.2022 в 19:34

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Тэги: ,,,

Presentation of the preliminary feasibility study and tender documents for a public-private partnership (PPP) project on modernization and development of “Manas” International Airport took place On April 28, 2022 in Orion Hotel Bishkek consultants of the International Finance Corporation (IFC) presented the results of technical and legal expertise, financial analysis and forecast, preliminary marketing and structure of the PPP project on modernization and development of Manas International Airport. The report on environmental and social issues of the project is already at the stage of completion. In May 2022, the final presentation of the PPP project will be made during the road-show with potential investors on the “Manas” airport modernization project. IFC was approved as a consultant of the PPP project on modernization of the airport at the Extraordinary Meeting of Manas International Airport, OJSC on December 1, 2021. Since October […]

KYRGYZSTAN BECOMES MORE APPEALING TO FRANCE

Опубликовано: 29.04.2022 в 17:05

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар,News & Events

Тэги: ,,,,,

The first visit of the Head of Economic Mission of the Embassy of France to the Kyrgyz Republic  On April 25, 2022, Director of the National Investment Agency under the President of the Kyrgyz Republic Ravshan Sabirov met with the Head of the Economic Mission of the Embassy of the French Republic in the Kyrgyz Republic Mr. Frederic Fatu The parties discussed the prospects for trade, economic and investment cooperation between the two countries, the untapped potential of which was highly appreciated by both sides The meeting identified prospects for cooperation in tourism, agriculture (organic and fodder production), mechanical engineering, nuclear energy, and perfume and cosmetics industry In this regard, Mr. Fatu noted the interest of the French business, represented by the representative of the Association “MEDEF International” in the project to establish a mountain cluster in the Kyrgyz Republic […]

Кыргызстан Франция үчүн жагымдуу болууда

Кыргыз Республикасына Франциянын элчилигинин Экономикалык миссиясынын башчысынын биринчи иш сапары болуп өттү 2022-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшан Сабиров Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Экономикалык миссиясынын башчысы Фредерик Фату мырза менен жолугушту.Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты, анын ишке ашпай калган потенциалын эки тарап  тең жогору баалады Жолугушууда туризм чөйрөсүндө, айыл чарба (органикалык жана тоют өндүрүшү), машина куруу, атомдук энергетика, ошондой эле парфюмерия-косметика тармагында кызматташуунун келечеги белгиленди. Бул багытта Фату мырза «MEDEF International» Ассоциациясынын өкүлү тарабынан көрсөтүлгөн француз бизнесинин Кыргыз Республикасынын аймагында тоо кластерин түзүү долбоорун ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Франция Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу максатында кыргыз-француз ишкер кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору менен АЗПРОМОнун жетекчисинин ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Опубликовано: 22.04.2022 в 12:47

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Тэги: ,,

Азербайжандын ири ишкер өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча КыргызРеспубликасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Р.А. Сабиров менен Азербайжан Республикасынын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин (АЗПРОМО) жетекчиси Юсиф Икрамович Абдуллаевдин  эки тараптуу жолугушуусу болду.  Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн алдыңкы компанияларынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана байланыштары аркылуу кызматташууну бекемдөөгө жогорку жана экитарапту кызыкчылыгы бар экендигин, ошондой эле кол коюлган меморандумдун максаттарын жакынкы аралыкта ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти. Муну менен катар Азербайжан Республикасынын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин жетекчиси Юсиф Абдуллаев Р.А. Сабировду  Азербайжанга тажрыйба алмашуу максатында компанияларга жана ишканаларга баруу үчүн жеке иш сапары менен келүүгө чакырды, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын январь айында Бишкек шаарында жылуу кабылалгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Равшан Сабиров боордош эки мамлекеттин байгерлигине багытталган көптараптуу кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен AзПромо ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду, ошондой эле Кыргызстандын келечектүү долбоорлору презентацияланды.

Опубликовано: 21.04.2022 в 17:33

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Тэги: ,,,

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун азербайжандык ири бизнес өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушуунун алкагында, мамлекет башчысынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Азербайжан Республикасынын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (AZPROMO) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.  Белгилей кетсек ушул меморандумдун максаты гидроэнергетика, органикалык продукциянын өндүрүшү жана туризмди өнүктүрүү чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Буга кошумча Кыргыз Республикасынын Презедентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Т.Т.Таалайбекова азербайжан тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен 20 келечектүү инвестициялык долбоорду презентациялады. Презентациядан кийин жолугушуу B2G түрүндө өттү, анда азербайжандык компаниялардын гидроэнергетика, жеңил өнөр жай, органикалык өндүрүш жана IT долбоорлоруна болгон жандуу кызыгуусун белгилей кетүү керек.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун расмий сапарынын алкагында Азербайжан Республикасынын ишкер-коомчулугу менен жолугушуусу

Опубликовано: 21.04.2022 в 15:55

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун расмий сапарынын алкагында Азербайжан Республикасынын ишкер-коомчулугу менен жолугушуусу өттү. Жолугушуунун ачылышынан кийин катышуучуларга Кыргызстандын инвестициялык климаты тууралуу видеоролиги көрсөтүлдү. Андан ары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, ал өзгөчө экономиканын келечектүү тармактарына токтолуп, потенциалдуу инвесторлорду ата мекендик экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.  Андан соң сөз Азербайжан Республикасынын Экономика министри Микаил Жаббаровго берилип, боордош Кыргызстан менен биргеликте иш алып барууга, гидроэнергетика чөйрөсүндөгү, органикалык продукциянын артыкчылыктарын жана туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берген Кыргызстандын кооз жаратылышын пайдалануу долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар экенин өзгөчө жылуу сезим менен баса белгиледи. Жолугушуу “суроо-жооп” иретинде уланып, азербайжандык ишкерлердин суроолоруна Президент Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилери толук кандуу жооп беришти. Белгилей кетсек жолугушууда мунай өндүрүү, курулуш, туризм, энергетика, телекоммуникация, жогорку технологиялар, айыл чарба, тоо-кен өндүрүшү, камсыздандыруу чөйрөсүндөгү СОФАЗ, SOCAR, AZERGOLD, AZVIRT, LU-MUN HOLDIN , NEQSOL HOLDING, AZERSUN HOLDING, PASHA HOLDING жана башка 20дан ашык ири компаниялардын жетекчилери катышты.

Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи отурумуна даярдык

Германия Федеративдүү Республикасы мененэкономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн куралыкатары кыргыз-герман ишкер кеңешин түзүү 2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттукагенттиктин директору Равшан Сабиров Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү мененжолугушуу өткөрдү. Тармактык мамлекеттик органдардан, финансы институттарынан жана бизнес-коомчулуктан 39 өкүлдөн турган ушул курам Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 131-т тескемеси менен бекитилген. Ишкерлер кеңешинин кыргыз бөлүгү кыргыз-германишкерлер кеңешинин биринчи отурумуна сунуштар пакетиндаярдоо боюнча пикир алмашты. Жолугушууда Улуттук агенттиктин директору РавшанСабиров Кыргыз-Герман Ишкер Кеңешинин түзүлүшүГермания Федеративдүү Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктыарттыруунун натыйжалуу кадамы болуп саналарын жанакийинчерээк ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундаүзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү үчүн негизги аянтча болупкаларын баса белгиледи.  Андан ары Улуттук агенттиктин башчысы германиялыктарап менен кызматташуунун келечектүү чөйрөлөрүнбелгилеп кетти, атап айтканда: жашыл экономика, агроөнөржай комплекси, экспорттук жеткирүүлөрдү өнүктүрүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, машина куруу, билим берүү, каржы-техникалык жана банктыккызматташуу, өнөр жай жана курулуш. Соңунда Равшан Сабиров бизнес-коомчулукту КыргызРеспубликасынын тармактык мамлекеттик органдарынынколдоосу менен Германия Федеративдүү Республикасы мененөз ара аракеттенүү боюнча жигердүү жана натыйжалууиштөөгө чакырды. Жолугушуунун жыйынтыгында Ишкерлер кеңешининмүчөлөрү ачык диалог форматында жолугушуулардыүзгүлтүксүз өткөрүүгө макулдашышты. Кийинки жолугушуу2022-жылдын 27-апрелинде өтөт.

Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи отурумуна даярдык

Германия Федеративдүү Республикасы мененэкономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн куралыкатары кыргыз-герман ишкер кеңешин түзүү 2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттукагенттиктин директору Равшан Сабиров Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү мененжолугушуу өткөрдү. Тармактык мамлекеттик органдардан, финансы институттарынан жана бизнес-коомчулуктан 39 өкүлдөн турган ушул курам Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 131-т тескемеси менен бекитилген. Ишкерлер кеңешинин кыргыз бөлүгү кыргыз-германишкерлер кеңешинин биринчи отурумуна сунуштар пакетиндаярдоо боюнча пикир алмашты. Жолугушууда Улуттук агенттиктин директору РавшанСабиров Кыргыз-Герман Ишкер Кеңешинин түзүлүшүГермания Федеративдүү Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктыарттыруунун натыйжалуу кадамы болуп саналарын жанакийинчерээк ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундаүзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү үчүн негизги аянтча болупкаларын баса белгиледи.  Андан ары Улуттук агенттиктин башчысы германиялыктарап менен кызматташуунун келечектүү чөйрөлөрүнбелгилеп кетти, атап айтканда: жашыл экономика, агроөнөржай комплекси, экспорттук жеткирүүлөрдү өнүктүрүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, машина куруу, билим берүү, каржы-техникалык жана банктыккызматташуу, өнөр жай жана курулуш. Соңунда Равшан Сабиров бизнес-коомчулукту КыргызРеспубликасынын тармактык мамлекеттик органдарынынколдоосу менен Германия Федеративдүү Республикасы мененөз ара аракеттенүү боюнча жигердүү жана натыйжалууиштөөгө чакырды. Жолугушуунун жыйынтыгында Ишкерлер кеңешининмүчөлөрү ачык диалог форматында жолугушуулардыүзгүлтүксүз өткөрүүгө макулдашышты. Кийинки жолугушуу2022-жылдын 27-апрелинде өтөт.

Кыргызстанга инвестицияларды тартуудагы француз консалтинги

Инвестициялар  чөйрөсүндөгү Француз консалтинг компанияларынын Кыргызстандын капитал рыногуна келиши. 2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча  улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Бишкекте француз консалтинг компанияларынын инвестициялык конференциясына катышты. Конференцияда президент Н.Косабианктын атынан “Финантреп Аспир” француз компаниялары, президент Б.Карлиердин атынан “Меркюро” компаниялары, ошондой эле Франциянын жалпы улуттук“МЕДЕФ” ассоциациясы презентацияланды. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Инвестициялар боюнча  улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров бүгүнкү күндө инвестициялык конференцияны өткөрүү өзгөчө актуалдуу болуп жатканын, тез өзгөрүүлөрдүн шартында алардын өнүгүү багыттарынын жолдоруна өз убагында оңдоолорду киргизүү зарылдыгын белгиледи. “Биз өз ара пайдалуу кызматташуу жолунда потенциалдуу өнөктөштөрдүн жолугушуу кадамдарын кубаттайбыз. Француз Республикасы тарабынан бизнес-консалтингдин активдүү ролун канааттануу менен белгилегим келет. “Консалтинг – эң кенже наамы полковник болгон армия”- дегендей белгилүү бир долбоорго инвестиция тартуунун ийгилиги кесипкөй консультанттардан көз каранды”, – деп баса белгиледи Равшан Сабиров. Андан ары Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси мамлекет башчынын колдоосун, тактап айтканда, Кыргыз […]