Кыргыз Республикасына инвестициялаңыз

Улуу жибек жолундагы оазис

Эмне үчүн Кыргыз Республикасы

  • Эки тараптуу мамиле

    Азыркы убакта Кыргыз Республикасы, АКШ, Германия, Швейцария, Казакстан, Россия, Кытай, Индия, Түштүк Корея, Улуу Британия жана башка сыяктуу өлкөлөрдү кошкондо 20 дан көп өлкө менен инвестицияларды өз ара колдоо, сыйлоо жана коргоо жөнүндө эки тараптуу макулдашуунун катышуучусу болуп саналат.

  • Региондогу жаш, квалификацияланган жана арзан жумушчу күчү.

    Кыргыз эмгек рыногунун эң маанилүү мүнөздөмөлөрүнүн бири – бул өлкөдөгү төрөлүүнүн жогорку деңгээлине бекитилген, тез өсүүчү жумушка жөндөмдүү калк. Эмгек рыногундагы «сунуштун» 51% жаштар түзөт.

  • Эркин экономикалык зоналар

    Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарды кошо эсептегенде экспортту илгерилетүү жана жеңилдетүү үчүн көптөгөн схемалар бар.

  • Демократиянын аралы

    Кыргыз Республикасы өзүн Борбордук Азиядагы эң эле демократиялык жана ачык коомдун бири, ошондой эле дүйнөдөгү эң ачык экономиканын бири катары көрсөттү.

  • Визасыз шарттам

    Кыргыз Республикасы туризмдин өнүгүшү жана өлкөгө бизнес-долбоорлорду тартуу үчүн жакшы шарттарды түзүп берет.

  • Региондун соода борбору

    Кыргыз Республикасы – Борбордук Азиядагы маанилүү транзиттик өлкө, анткени эң негизги жүк ташуучу жолдор анын аймагында – түндүк-чыгышында (Казакстандан Россияга чейин Тажикстанга жана Ооганстанга карай), ал эми түштүк-чыгышында (Борбордук Азия Кытай менен) жайгашкан.

Негизги тармактар

Кыргыз Республикасы салт катары айыл чарбачылык секторунда ийгиликтүү иш алып барууда. Бирок, өнүгүүнүн ири потенциалына ээ болушкан башка тармактар жагы бар. Гидроэнергетика, туризм жана текстилди кайра иштетип чыгаруу алардын арасында

Аймактар

Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы суверендүү мамлекет болуп саналат. Кыргызстан - деңизге чыкпаган, тоолуу жерде жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн Казакстан, батышынан жана түштүк-батышынан Өзбекстан, түштүк-батышынан Тажикстан жана чыгышынан Кытай менен чектешет. Бишкек - өлкөнүн борбору жана эң ири шаары болуп саналат. Административдик-аймактык жагынан Кыргызстан 7 облуска (Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас, Чүй) бөлүнөт.

Кыргызстан менен салыштыр

Инвестициалык порталы

Ийгилик тарыхтары