«МАНАС» ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУ ЭЛ АРАЛЫК КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ ИНВЕСТОРДУ ИЗДӨӨ БОЮНЧА КОНКУРСУН КҮТҮҮДӨ

«Манас» эл аралык аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесинин жана конкурстук документациясынын бет ачары болуп өттү.

2022-жылдын 28-апрелинде Бишкектеги «Орион» мейманканасында Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) консультанттары «Манас» эл аралык аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча МЖӨнүн долбоорунун техникалык жана укуктук экспертизасынын, финансылык анализинин жана болжолунун, алдын ала маркетингинин жана түзүмүнүн жыйынтыктарын көрсөттү. Долбоордун экологиялык жана социалдык маселелери боюнча отчету аяктоодо.

2022-жылдын май айында МЖӨнүн «Манас» аэропортун модернизациялоо  долбоору боюнча жыйынтыктоочу бет ачары потенциалдуу инвесторлор менен роуд-шоу учурунда көрсөтүлөт.

Ошентип 2021-жылдын 1-декабрынан тартып «Манас» эл аралык аэропортунун акционерлеринин кезексиз жыйынында ЭФК (IFC) аэропортту модернизациялоо боюнча МЖӨ долбоорунун консультанты болуп бекитилди.

2021-жылдын 19-октябрынан МЖӨнүн «Манас»эл аралык аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү долбоору боюнча финансылык консультациялык кызматтарды көрсөтүү  жөнүндө келишимге кол коюлгандан тартып,  ЭФК (IFC)  консалтинги ачык-айкын конкурстун негизинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көздөгөн экономикалык жактан пайдалуу шарттарда квалификациялуу эл аралык инвесторду тартууга олуттуу көмөк көрсөтүүдө.