Кыргыз Республикасы жөнүндө

Негизги тармактар

Айыл чарбасы
Гидроэнергетика
Текстиль
Туризм

Айыл чарбасы

Кыргыз Республикасынын өнүгүү программаларында айыл чарбасы мамлекеттик колдоону топтоо зарыл болгон негизги сектор болуп саналат. Кыргыз Республикасы климатынын ылайыктуу, айыл чарба продукциясынын табигый шартта өстүрүлүшүнүн себебинде айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө ыңгайлуу абалга ээ. Кыргыз Республикасынын территориясы географиялык жана климаттык шарттары бири-биринен айырмаланган облустарга бөлүнгөн, бул салыштырмалуу артыкчылыктарды берет. Мисалы, Чуй облусунда артыкчылыктуу айыл чарба продукту болуп кант кызылчасы эсептелет; Ысык-Көл облусу алма, алмуруттар менен таанылат; Баткен облусунда фермерлер абрикос өстүрүшөт (кургатылат); Ош жана Жалал-Абад облустары пахтанын жана грек жаңгагынын ири өндүрүүчүлөрү болуп саналышат; Нарын облусу мал чарбачылыгы менен атагы чыккан; Талас облусу төө буурчактын жана соянын ири экспортеру болуп эсептелет.

This image has an empty alt attribute; its file name is Kyrgyzstan-Blockchain-in-the-agricultural-sector-820x500.jpg

Айыл чарбасы айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана аны кайра иштетүүнү камтыйт. Бул аталган тармакта көбүрөөк кошумча наркты жана эмгек көп жумшалуучу мүнөздөмөлөрдү жаратат. Эмгек интенсивдүүлүгү айыл калкы тарабынан колдоого алынат, анткени өлкөнүн калкынын көпчүлүгү айылда жашайт.

Экономикалык контекстте Кыргыз Республикасы экологиялык жактан таза продукцияны өндүрүү боюнча бардык талаптарды канааттандыра алат, ушул себептен кыргыз фермерлери өндүргөн айыл чарба продукттары, мисалы: алма, коон, пахта, күрүч, картофель, бал жана башка жемиш-жашылчалар негизинен коңшу өлкөлөргө, ошондой эле өнүккөн өлкөлөргө экспорттолот. 2000-жылдан 2016-жылга чейин фермерлер жыл сайын 35-160 ц / га негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүштү. Бул агрардык перспективалардын жетишерлик жакшы көрсөткүчү.

Кыргыз фермерлери, өзгөчө, Нарын облусундагылар, өз жерлерине Казакстан Республикасында чоң сурамга ээ болгон картофелди отургузушат. Мындан тышкары, өлкөнүн болжол менен 1000 фермери, негизинен USAID, GIZ сыяктуу эл аралык программалардын алкагында, же Германия, Швейцария ж.б. донор-өлкөлөргө экспорттоо үчүн органикалык продукт өндүрүшөт.

Ошондой эле, айыл чарба сектору үчүн салык режими экономиканын башка секторлоруна салыштырганда ыңгайлуу болуп саналат. Өкмөт сектордун өнүгүшүн – өндүрүштү жогорулатуу, сапатты жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугун сактоо, потенциалды өстүрүү аркылуу жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурат.

Тамак-аш өнөр жайы Кайра иштетүү секторунда, тамак-аш өнөр жайы жана суусундуктарды өндүрүү сектору – наркты түзүүнүн ар кандай агро-азык-түлүктүк тизмектерине байланышкандыктан, өндүрүш, жумуштуулук, жана экспорт үчүн маанилүү ролду ойнойт. Кыргыз Республикасынын кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы бир катар келечектүү факторлорго ээ, анын ичинде, өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү (нарк түзүүнүн регионалдык тутумдарында интеграциянын бекемделишине шарт түзөт), Европа биримдигинин рыногу менен ПЖС+ (преференциялардын жалпы схемасы) статусунда экендиги. Бул аркылуу кайра иштетүүнүн чыгымдар базасынын салыштырмалуу төмөндүгү жана кайра иштетилген салттуу айыл чарба товарларынын репутациясынын жакшы болушу сыяктуу салыштырмалуу артыкчылыктары орун алат. Кыргыз Республикасы негизинен кайра иштетилген продукттары менен таанымал, мисалы: эт, бал, консерваланган жемиштер, кургатылган жемиштер жана жашылчалар, жаңгактар жана сүт продукттары.

This image has an empty alt attribute; its file name is maxresdefault-1024x576.jpg

12%

ИДП

26.7%

Эмгекке жарамдуу калк

$131.8
million

Инвестициялардын көлөмү (2018)

$2.9
billion

Жылдык өндүрүү

49%

Малдын башы

51%

Дан өсүмдүктөрү

Инвестициялык мүмкүндүктөр

  • Тамак-аш өнөр жайы үчүн ресурстук база болуп эсептелген айыл чарба продукциясына сурамдын стабилдүүлүгү. Ушундайча, анын өсүшү айыл чарба тармагынын өсүшү менен тыгыз байланыштуу;
  • Евразия экономикалык бирдигинин рыногуна жеткиликтүүлүк;
  • Европа рыногунда кыргыз агропродукциясынын GSP + статусу;
  • Баштапкы айыл чарба продукциясын жаңы технологияларды колдонуу менен кайра иштетүү;
  • Экологиялык жактан таза, экспорттук потенциалы жогору продукцияны чакан өндүрүшчүлөрдү өнүктүрүү жана бекемдөө;
  • Эксплуатациялык чыгымдары төмөн, жогорку сапаттуу чийки заттар пайдаланылып жаткан рынокту инвестициялоо;
  • Баалуу жана экологиялык жактан таза азык продукттарын иштеп чыгуу.

Кошумча нарк тизмектеринин ар түрдүүлүгү:

  • Алгачкы жана кайра иштетилген айыл чарба продукциясын өндүрүү;
  • Сектордогу наркты түзүү тизмегинде азык продукттарын кайра иштетүү жана консервалоо;
  • Мал чарбачылык – сүт жана аквакультураны (балык кармоо) өнүктүрүү;
  • Жемиш ширелери / консерваланган жемиштер;
  • Суусундуктар жана кондитердик өнүмдөр;

Жеке ирригациялык курулмаларды өнүктүрүү

Гидроэнергетика

This image has an empty alt attribute; its file name is 882330FA-1596-403C-ADF9-987D3FF2C64F_cx0_cy19_cw0_w1023_r1_s-1.jpg

Кыргыз Республикасында 140-170 ТВтч өлчөмүндө бааланган олуттуу гидроэнергетикалык потенциалдуу көп сандаган ири жана орто дарыялар бар. Кыргыз Республикасы жакынкы келечекте муниципалдык жана өндүрүштүк максаттарда пайдаланылуучу мыкты сапаттагы суунун жетиштүү көлөмүнө ээ болуп турат. Энергетикалык инфраструктура иштеп чыгарылган электроэнергиянын көпчүлүк бөлүгүн өндүрүп жаткан гидроэнергетикадан өзгөчө өз каранды.

Өкмөт энергетика секторунун негизги экспорттук товар болуу потенциалын белгилеп, аны өнүктүрүүнү улуттук приоритет катары аныктады. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалынын 30 пайызы гана пайдаланылууда. Калган 70 пайызы эч качан пайдаланылган эмес.

Кыргыз Республикасы жалпы Борбордук Азия регионунун гидроэнергетикалык ресурстарынын дээрлик 30 %ына ээ. Технологиялык гидроэнергетиканын потенциалы 142 млрд. КВт саат / жыл, ал эми экономикалык жана өндүрүштүк потенциал – 60 млрд. КВт саат өлчөмүндө бааланат.Гидроэнергетика электроэнергиянын ички керектөөлөрүнүн 90%дан ашык бөлүгүн камсыздайт. Электростанциялардын жалпы долбоордук кубаттуулугу 3640 МВт, алардын ичинен гидроэлектроэнергия тарабынан 79,9%га чейин иштеп чыгарылат; жылуулук станциялары – 19,7, ал эми 12 чакан гидроэлектростанциялар (ГЭС) – 0,4 %га чейин иштеп чыгарат.

Жаңы кубаттуулуктарды киргизүүдөгү жакынкы максаттарга Камбарата-2 ГЭСиндеги кубаттуулугу 120 МВт болгон эки энергоблокту куруу кирет. Кубаттуулугу 1 860 МВт Камбарата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын (200 МВт жогору) каскадын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү пландар кошумча 5 ТВт саат иштеп чыгарууну камсыздайт. Башка болжолдонуп жаткан долбоорлор биргелешип 2465 МВт кошуучу Казарман жана Суусамыр-Көкөмерен гидроэлектростанцияларынын каскаддарын курууну камтыйт.

Инвестициялык мүмкүндүктөр

  • Гидроэнергияны өндүрүү үчүн жаңы инфраструктура;
  • Электр энергиясын жеткирүү үчүн жаңы инфраструктура, газ түтүктөрү, жаратылыш газын бөлүштүрүү тутуму;
  • Энергиянын кайра калыбына келүүчү булактары боюнча долбоорлор (мини ГЭСтер, чакан ГЭСтер);
  • Энергиянын натыйжалуу пайдалануучу ишканалар,
  • Башкы электр тармактуу байланыш, чек арага жакын жайгашкан электр бирикмелерин модернизациялоо жана өнүктүрүү.

Кайра иштетүү өнөр жайы – Текстиль

Кыргыз Республикасынын текстиль өнөр жайы эмгек көп жумшалуучу тармак болуп саналат жана жумушчу күчүнө жумшалуучу чыгымдардын жалпы чыгымдарга болгон катышынын көрсөткүчү жогору.

Текстиль өнөр жайы кеңейүүдө. Бул негизинен жаш муундардын арасында арзан жумушчу күчтөрдүн бар болгондугу менен шартталат. Көбүнесе Россия менен Казакстанга экспорттоого гана иштеп жаткан ири тигүү компаниялары иштейт. Кыргыз Республикасында кийим өндүрүүнүн мурдатан бери келе жаткан тарыхы бар. Учурдагы жогору конкуренциялуу экономикалык шарттарда кыргыз кийим тигүү өнөр жайы сегиз жылдан бери алты эсеге көбөйүп, өзүн кайрадан жаратты. Жергиликтүү ишканалар жумушчу күчтөрдүн салыштырмалуу төмөн кызмат акысынын жана Россия, Кытай менен түзүлгөн пайдалуу бажы макулдашууларынын, ошондой эле коңшулаш ири керектөө рыноктору менен маданий тааныштыкта болуунун негизинде пайда табышат. Россия, Казакстан сыяктуу регионалдык рынокторго экспорттоо тармактын өнүгүшүнө түрткү берген.

Инвестициялык мүмкүндүктөр

Кыргыз Республикасы өзүнүн конкуренттик жөндөмдүүлүгүн чыгармачылыкка, инновацияларга, кошумча нарктуу продукттарга жана технологияларга өзгөчө көңүл буруу аркылуу өнүктүрүүдө.

Кыргыз текстиль продукциясы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жана башка коңшулаш өлкөлөрдө кеңири белгилүү. Экспорт текстиль өнөр жайынын продукциясынын 90 %дан ашык бөлүгүн түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн текстиль өнөр жайынын өсүшүн мындан ары колдоо үчүн инфраструктураны өнүктүрүү менен бирге кошумча стимулдарды түзүүдө. Өкмөт инвестицияларды көбөйтүү үчүн салыктык жана салыктык эмес жеңилдиктерди берип жатат.

Кыргыз Республикасынын текстиль өнөр жайы ар түрдүүлүгү жана функционалдуулугу жагынан алып караганда олуттуу жакшыруунун үстүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү текстиль өнөр жайынын кызыкдар жактарын кошумча нарктуу экспорттук продукцияны өндүрүүдө активдүү колдоп жатат.

Туризм

Кыргыз Республикасы жылдын кайсы убагында болбосун, туризм үчүн сейрек кездешүүчү жер болуп саналат. Саякатчылар Ысык-Көл, Сары-Челек жана Соң-Көл сыяктуу кооз көлдөргө барышат. Таң каларлык тоо кыркалары – жайында альпинисттер үчүн, ал эми кышында лыжа тебүүчүлөр үчүн ыңгайлуу жерлер. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын тарыхы жана тарыхый табылгалары анын артыкчылыктуу туристтик багыт катары тандалышына шарт түзөт.

This image has an empty alt attribute; its file name is tourism-1-490x1024.jpg

Кыргыз Республикасынын туристтик индустриясы приоритеттүү кызыкчылыктарга жана чоң перспективаларга ээ. Кыргыз Республикасы уникалдуу, ушул себептен аны жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн туристтери изилдөөлөрдү жана саякаттарды ишке ашыруудагы негизги багыт кылып алышты.

Кыргыз Республикасы туризм чөйрөсүндө күчтүү конкуренттик артыкчылыктарга ээ. Өлкө кызыктуу, кайталангыс маданиятка, адат-салттарга жана тарыхка бай. Ал эми жапайы токойлорду, тоо көлдөрүн жана дарыяларын, минералдык булактарды камтыган жаратылышты туризмдин ар кандай түрлөрүн, анын ичинде, укмуштуу окуялар коштогон тоо туризмин жана альпинизмди өнүктүрүү үчүн зор потенциал катары кароого болот.

Ысык-Көл Кыргыз Республикасындагы туристтик максаттар үчүн ири жаратылыш ресурсу болуп саналат. Ысык-Көл областында тоо жана деңиз климаттары кайталангыс түрдө айкалышып турат; мыкты пляждар, кристаллдай таза суу, минералдык булактар, ылай жана термалдык булактар бар. Бул регион келечекте дүйнөлүк класстагы СПА (суу аркылуу саламаттыкты чыңдоо) катары өнүгүүдө чоң потенциалга ээ.

Кыргыз Республикасында ландшафттын жана экосистемалардын таң каларлык ар түрдүүлүгү орун алган: буга бийик тоо кыркалары жана мөңгүлөр, альпы жайыттары жана көлдөр, гүл жайнаган өзөндөр жана дарыялар, кургакчыл каньондор жана жарым чөлдөр кирет. Кыргыз Республикасы планетадагы 200 приоритеттүү экологиялык региондордун бири болуп саналат. Өлкөдө 22 ар түрдүү экосистема, ошондой эле өзгөчө коргоого алынган жаратылыш территорияларынын тармагы, анын ичинде: мамлекеттик коруктар, жаратылыш парктары жана коруктар бар. Булар өлкөнүн жогорку деңгээлдеги туристтик потенциалын түзөт. Кыргыз Республикасы Жибек Жолду бойлото жайгашкан. Анын жолдорунда 583 тарыхый жана маданий эстеликтер, археологиялык казуулар жүргүзүлгөн жерлер бар. Булардын айрымдары (Суяб, Баласагын, Сулайман-Тоо) глобалдык мааниге ээ болуу менен бирге ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасынын тизмесине киргизилген. Кыргызстанда миңден ашык кооз көлдөр бар, алардын арасынан негизгиси – дүйнөдөгү эң чоң жана терең тоо көлдөрүнүн бири – Ысык-Көл.

Өлкөнүн территориясы адамзаттын цивилизациясынын байыркы борборлорунун бири болуп саналат. Материалдык эмес маданий мурастардын айрым объекттери, мисалы, «Манас» эпикалык трилогиясы, көчмөн элдин салттуу «боз үйү», кийизден жасалуучу килемдин түрлөрү: «шырдак» жана «ала кийиз» – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Туристтик сектор азыркы учурда төмөнкүдөй көрсөтүлгөн:

  • курорттук-рекреациялык объекттер (негизинен Ысык-Көлдүн айланасында жайгашкан жана курорттук-рекреациялык объекттердин бар болушу менен мүнөздөлөт).
  • активдүү эс алууга арналган жерлер (тоодо жөө, ат менен, велосипед менен жүрүштөр; экотуризм, фотомергенчилик, альпинизм, рафтинг, караванинг, айыл туризми, дайвинг, дельтапланеризм жана башка таза абада жүргүзүлүүчү иш чаралар);
  • маданий-билим берүү объекттери (анын ичинде Жибек жолду бойлото жүргүзүлүүчү саякат – Улуу Жибек Жолунда жашаган элдердин маданияты, адат-салттары ж.б менен таанышуу);
  • кышкы эс алууга арналган жерлер (кышкы туризм – лыжа тебүү, хели-ски);
  • ишмердүүлүк туризминин объекттери (эл аралык саммиттер, форумдар, симпозиумдар, конференциялар);
  • окуяларга байланыштуу туризмге арналган жерлер (салттуу этно-оюндар, улуттук оюндар, чыгармачыл фестивалдар, конкурстар, көргөзмөлөр, спорттук иш-чаралар).

Инвестициялык мүмкүндүктөр

Бир нече негизги мамлекеттик туристтик жана транспорттук объекттерге (регионалдык аэропорттор, туристтик объекттер ж.б.) инвестициялар.

  • Премиалдык туристтик объекттерди өнүктүрүү;
  • Тематикалык продукттарды иштеп чыгуу;
  • Адистештирилген туристтик продукттарды иштеп чыгуу;
  • Төмөнкүлөргө багытталган кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү:
  •  конкреттүү темалар (адат-салттар, маданият, саламаттык ж.б.);
  • категориялар (рекреациялык туризм, MICE ж.б.);
  •  рыноктор (Россия, Казакстан, Кытай, Европа, Жакынкы Чыгыш ж.б.);