Кыргыз Республикасы жөнүндө

Кыргыз Республикасы жөнүндө – Экономикалык көрсөткүчтөр

Кыргыз Республикасы 2018
Калкы, млн 6.3
ИДП, млрд. АКШ долл . 8.0
Калктын жан башына ИДП, АКШ долл . 1,277
Жашоонун узактыгы, жаш (2016) 70.7

Акыркы жылдардын экономикалык өнүгүүсү

Чыныгы ИДПнын өсүүсү 2017-жылдагы 4,7% га караганда 2018-жылы 3,5% га чейин жайлап калды. Инфляция 2017-жылдын декабрь айынын аягындагы 3,7 % дан 2018-жылдын аягында 0,5% болуп, төмөндөдү, бул башкысы, азык-түлүккө болгон баанын арзандашы менен шартталган. Бюджеттик жетишсиздик, инвестициялык программаларды жетишсиз аткаруу менен айкалышкан салыктарды жогорку чогултуулардан улам, 2017-жылдагы ИДПдан 4,6% жетишсиздик менен салыштырмалуу, 2018-жылы 1,6% га чейин кыскарды.

Салык төлөмдөрү 2017-жылдагы 23,9% на салыштырмалуу, 2018-жылы 25,4% ИДП га чейин өстү. Республикадагы, ошондой эле негизги өлкөлөрдө – соода өнөктөштөрүндөгү экономикалык оң өсүш салык жана салык эмес кирешелердин көбөйүүсүнө, ошондой эле өлкөдөгү туруктуу саясий кырдаалдын түзүлүшүнө өбөлгө түздү жана кирешенин көбөйүшүнө жагымдуу таасир көргөздү. Бюджеттин чыгымдары социалдык багыт менен мүнөздөлөт: саламаттыкты сактоого, социалдык коргоого жана билим берүүгө кеткен чыгымдар өсүшкө зор салым кошту. Ошол эле убакта күнүмдүк керектөөгө кеткен чыгымдар жалпы мамлекеттик чыгымдарда баарынан көп үлүштү ээлейт, бул, өз кезегинде мамлекеттеги жалпы инфляциялык фондун мүмкүн болгон күчөө факторлорунун бири болуп саналат. Бирок, салык эмес кирешелердин жана гранттык колдоонун төмөндөшүнөн улам жалпы кирешелер ИДПдан 31,8% га чейин түштү (2017-жылдагы 32,6%дан). Жалпы чыгашалар ИДПдан 33,4% га чейин кыскарды (бир жыл мурдагы 37,2 %дан).

Учурдагы операциялардын эсебинин жетишсиздиги ИДПдан 12,2% на чейин көбөйдү (бир жыл мурдагы 6,6% дан), бул 2018-жылы январь-сентябрдагы ИДПдан 40,9% га соода балансынын жетишсиздигин көбөйтүүнү чагылдырат

Учурдагы операциялардын эсебинин жетишсиздиги түз чет элдик инвестициялардын, Россия Федерациясынын 240 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карызды кечүүсүнүн эсебинен жана валюталык резервдердин кыскарышынан каржыланып турган.

Экономикалык прогноз

Чыныгы ИДПнын өсүшү 2019-жылы 4,3% га чейин тездеши күтүлүүдө жана андан кийин 4% га жакын деңгээлде туруктуу кармалып турат. Бул сценарий алтынды өндүрүү прогнозун чагылдырат жана Россия жана Казакстандагы жай өсүшүн болжолдойт, бул Кыргыз Республикасынын акча которуулар жана соода каналдары аркылуу экономикасына пайда алып келет. Алмашуу курсунун туруктуулук шартында жана азык түлүккө болгон дүйнөлүк баалар үчүн олуттуу терс толкундануулар жок болгон учурда, инфляция 5-7% орто мөөнөттүү перспективада борбордун банктын максаттуу диапозонунан төмөн болуп кала берет.

Учурдагы операциялардын эсебинин жетишсиздиги ИДПдан 10% га жакын деңгээлде кала турганы болжолдонууда. Расмий органдар жетишсиздикти 2020-жылга карата 3% ИДПга чейин кыскартууга милдеттенип жатышат. Прогноздорго ылайык 2019-2020-жылдарда ИДП үлүшү сыяктуу салып төлөмдөрү салык базасын кеңейтүү боюнча чараларды ишке ашыргандан кийин өсөт.

Анын ортосунда, прогноздор боюнча учурдагы чыгымдар приоритеттүү эмес сатып алууларды рационалдаштыруу жана ИДП үлүшү сыяктуу айлык акы фондусун кыскартуу боюнча аракеттер фонунда кыскарат. Мамлекеттик инвестициялык чыгымдар бир аз азая турганы да күтүлүүдө.

Айыл чарба жана курулуш секторлорундагы өсүү жупунураак болуп калаары күтүлүүдө, акча которууларынын андан кийинки көбөйүшү айыл жергесиндеги жакырчылыкты жоюуга шарт түзүп турат. Социалдык трансферттер жана пенсияларды пландаштырылган көбөйүшү да калктын аялуу катмарына колдоо көргөзөт. 2019-жылы жакырчылыктын деңгээлинин 18,8 % га кыскартуусу болжолдонууда.