Кыргыз Республикасы жөнүндө

География

Кыргызстандын территориясынын дээрлик 94 %ын тоолор түзөт, аянтынын болжол менен жарымы деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктикте жайгашкан. Анын ичинен 41 %ы 3000 метрден жогору деңгээлде, бийик тоолуу катаал шарттарда орун алган. Тоолуу региондун көпчүлүк бөлүгүн ар дайым муз жана кар басып турат, ал эми мөңгүлөр өлкөнүн территориясынын дээрлик 4 %ын түзөт. Ойдуң райондорго түндүк тараптагы Казакстан менен чектеш Чүй-Талас өрөөндөрү жана түштүк-батыш тараптагы Өзбекстан менен чектеш Фергана өрөөнү кирет.

Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы аянты 6236 км2 барабар болгон Ысык-Көл чоңдугу боюнча дүйнөдөгү экинчи орунда турган кратердик көл болуп саналат.

Тарых

Кыргыз Республикасынын калкын 6 миллиондон ашык адамдан жана 90дон ашык этникалык группалар түзөт. Калктын 75%ы ислам динин жана 20%ы православие динин кармануу аркылуу рухий байлыктарга жетишет. Жарандардын 5 %ы гана башка диндердин үлүшүнө туура келет. Акча бирдиги – сом, ал эми расмий тилдер болуп кыргыз жана орус тилдери саналышат.

1876-жылы Кыргызстан расмий деңгээлде Россия империясынын курамына киргизилген. 1924-жылы, большевисттик революциянын (1917) натыйжасында жетишилген көз карандысыздыктын кыска мезгилинен кийин, өлкө Кара-Кыргыз автономиялуу областы болуп жарыяланып, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) курамына кирген. 1936-жылы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы формалдуу түрдө СССРдин курамындагы түзүмдүк республика болуп калды.

1992-жылы Кыргыз Республикасы Бириккен улуттар уюмуна (БУУ) жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) кирип, экономикалык реформалардын биринчи программасын ишке ашыра баштады. 1993-жылы Кыргыз сому негизги акча бирдиги катары Россия рублунун ордуна киргизилди. 1995-жылы А. Акаев добуштардын 70 % басымдуулугу менен дагы бир мөөнөткө президенттикке шайланып, өз позициясын бекемдеди Көп убакыт өтпөй, А. Акаев референдумдун жардамы менен бийликти президенттин колуна чогултуу жана мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын азайтуу үчүн Конституцияга оңдоолорду киргизүүнү колдоду. 1998-жылы Конституциялык сот А. Акаевдин үчүнчү мөөнөткө берген апелляциясын канааттандырды жана 2000-жылдын 6-ноябрында дагы беш жылга кайра шайланды.

2005-жылдын 24-мартында А. Акаев кызматынан четтетилди. Парламент аракеттеги премьер-министрди – оппозициянын лидери Курманбек Бакиевди 2005-жылы президенттикке дайындады.

2011-жылдын октябрь айында жаңы президенттик шайлоолор өттү. 2011-жылдын 1-декабрынан тартып Алмазбек Атамбаев – Кыргыз Республикасынын Президенти болду. 2017-жылы А. Атамбаев толук алты жылдык президенттик мөөнөт аяктагандан кийин өлкөнүн Конституциясынын талабына ылайык отставкага кеткен Кыргызстандын биринчи президенти болуп калды. 2017-жылдын октябрь айында мурдагы премьер-министр жана Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо жеңип чыкты. 2017-жылдын декабрында Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти болуп калды.

Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелинде кызматынан түшүрүлдү жана Кыргыз Республикасы 2010-жылдын июнунда жаңы саясий реформанын күбөсү болду. Кабыл алынган реформанын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасы парламенттик өлкө болуп калды. Убактылуу өкмөттүн жетекчиси болуп Роза Отунбаева дайындалды.

Саясий система

Конституцияга ылайык, Кыргызстан – укуктук светтик мамлекеттин негизинде түзүлгөн суверендүү, унитардык демократиялык республика. Мамлекеттик башкаруунун негизги принциптеринин бири – мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу, сот бийликтерине бөлүнүшү.

Кыргыз Республикасынын Президенти – эң жогорку кызмат адамы, 6 жылга шайлануучу мамлекет башчысы, Мыйзам чыгаруу бийлиги парламентке – 5 жылга пропорционалдык негизде шайлануучу 120 парламентарийден турган Жогорку Кеңешке таандык.

Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр тарабынан жетектелүүчү жана өз курамына вице-премьер-министрлерди, министрлерди, мамлекеттик комитеттердин председателдерин камтыган Өкмөт болуп саналат.

Сот системасы

Кыргыз Республикасында бийликти бөлүштүрүү принцибине ылайык өз алдынча жана көз карандысыз сот бийлиги иштейт, ал сот системасын түзгөн Жогорку Соттон жана соттордон турат. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, кылмыштык, административдик жана башка сот өндүрүшүнүн формалары аркылуу ишке ашырылат.