Кыргызстан Франция үчүн жагымдуу болууда

Кыргыз Республикасына Франциянын элчилигинин Экономикалык миссиясынын башчысынын биринчи иш сапары болуп өттү

2022-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшан Сабиров Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Экономикалык миссиясынын башчысы Фредерик Фату мырза менен жолугушту.Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты, анын ишке ашпай калган потенциалын эки тарап  тең жогору баалады

Жолугушууда туризм чөйрөсүндө, айыл чарба (органикалык жана тоют өндүрүшү), машина куруу, атомдук энергетика, ошондой эле парфюмерия-косметика тармагында кызматташуунун келечеги белгиленди. Бул багытта Фату мырза «MEDEF International» Ассоциациясынын өкүлү тарабынан көрсөтүлгөн француз бизнесинин Кыргыз Республикасынын аймагында тоо кластерин түзүү долбоорун ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Франция Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу максатында кыргыз-француз ишкер кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты