Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайм!

Биз ар бир жаздын келиши менен 1945-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарыбызды,чоң аталарыбызды көзүбүзгө жаш алуу менен эскеребиз.Бул майрам муундан муунга акырындык менен фашисттерди жеңүүдөн мээримдүүлүктүн жеңишинин символуна айланды. Жылдан жылга бул күндү белгилөө менен биз балдарыбызга жана неберелерибизге согуштун кыйынчылыгын жана андагы жоготууларды көтөрүү канчалык кыйынга турарын айтып келебиз.

Ал согушту Советтер Союзунун көп улуттуу эли жеңди.Бүгүн биз дүйнө жүзүндөгү тынчтык жана улуттар арасындагы биримдик үчүн күрөшөбүз.

Эч ким,эч нерсе унутулбайт!

Биз бир ай мурун, 13-апрелде баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигин ачканыбызды эсиңерге салгым келет.Ал денеси менен дзотту жаап калган.Бул окуя 1942-жылы 6-августта Дон дарыясынын боюнда Воронежде болгон.Ал 20 жашта эле! Согушка 7-кластан кийин кеткен.Бул жылы кайгыруу менен анын 100 жылдыгын белгилеп жатабыз.Ал балким өзүнүн кызын жолуктурмак,ата болмок,өзүнүн аркасынан балдарын жана неберелерин калтырмак!

Дагы бир жолу сиздерди Жеңиш күнү менен куттуктайм. Жеңүүчүлөргө түбөлүк даңк!