Monthly Archives: November 2022

Сауд Аравия Королдугунун ири компаниялары Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт

Опубликовано: 23.11.2022 в 11:13

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2022-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин директорунун орун басары Баясов Н.М. Сауд Аравиядагы Кыргызстандын элчилигинин макулдашууларынын алкагында инвестиция министринин орун басары Бадр Ибн Ибрагим аль-Бадр менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестиция жана бизнести өнүктүрүү тармагында кызматташуунун перспективалары талкууланды. Сауд тарабына жеңилдиктер жана артыкчылыктар, экономиканын приоритеттүү багыттары тууралуу маалымат берилди жана 10дон ашык инвестициялык долбоор кароого сунушталды. Макулдашууларды ишке ашыруу максатында инвестиция министринин орун басары жетектеген Сауд ири компаниялары, атап айтканда, “Acwa Power”, “Flynas”, “Alhokair Group”, “Inter Health”, “Fas Energy”, “Seera Group”, “Ajlan & Bros Group”, ж.б. Кыргыз Республикасына инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө жана ар түрдүү тармактардагы бизнес структуралары менен, анын ичинде тоо-кен, инфраструктура, энергетика жана кайра жаралуучу энергия, туризм жана саламаттыкты сактоо, агроөнөр жай жана IT-сектору кызматташууну түзүү үчүн иш сапары менен келишет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлорду коргоо механизмин киргизүү боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин квалификациясын көтөрүүдө

Опубликовано: 21.11.2022 в 11:13

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн инвесторлорду коргоо милдетинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Швейцария Өкмөтү каржылаган Кыргыз Республикасына инвестицияларды илгерилетүү жана көбөйтүү боюнча IFC (Дүйнөлүк банк тобу) долбоорунун колдоосунда “Инвесторлорду коргоо механизмдерин киргизүү жана аларды коштоо” – деген темада мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн окуу семинарын өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы  №32.токтому менен бекитилген  Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби иштелип чыкты жана бекитилди. Ушул Тартип боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлорду коргоо жана мамлекеттик органдардын аракетине же аракетсиздигине инвесторлордун даттанууларын кароонун так механизмин киргизүү боюнча негизги мамлекеттик орган болуп аныкталган.                Ушул тартипке ылайык каалаган инвестор өз укуктарын коргоо үчүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке кайрыла алат, ал жерде анын даттануусу Инвесторлордун арыздарынын реестрине киргизилет жана кылдат каралат жана Кыргызстандын мамлекеттик […]

Биз квалификациябызды жогорулатабыз

Опубликовано: 17.11.2022 в 17:23

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Имальдин Радаслич мырза жетектеген IFC миссиясынын бизнести жөнгө салуу боюнча эксперттери Инвестицияла боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлери үчүн семинар өткөрдү. Ушул семинар Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган IFC менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин биргелешкен иш-чараларынын алкагында өткөрүлүүдө. Эксперттер биздин адистер менен инвесторлордун даттанууларын кароо жана сотко чейинки маселелерди жөнгө салуу механизмдерин жана инструменттерин натыйжалуу ишке ашыруу боюнча эл аралык практикадагы билимдери жана мисалдары менен бөлүшүштү. Биздин максат – инвесторлордун кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо.

IFC бизнести жөнгө салуу миссиясы менен жолугушуу болуп өттү

Опубликовано: 16.11.2022 в 11:42

Автор:

Категории: Без категории,Жаңылыктар жана окуялалар

2022-жылдын 15-ноябрында, Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Имальдин Радаслич мырза баштаган IFC бизнести жөнгө салуу миссиясы менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен  Улуттук агенттик  жана IFC  ортосундагы инвестициялар жөнүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, ошондой эле инвесторлордун даттанууларын кароо механизмин натыйжалуу киргизүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ар бир инвестор кайрыла ала турган инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча негизги мамлекеттик орган катары аныкталгандыгын белгилей кетсек. Инвестордун даттануусу  инвесторлордун даттанууларынын реестрине киргизилип, кылдат каралып, Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык органдары менен көйгөйлөрдү чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Улуттук агенттик даттанууну чечүүнүн жыйынтыгына карабастан, Реестрде катталган инвесторлорду инвесторлор менен даттануулардын субъекттеринин ортосундагы потенциалдуу же буга чейин пайда  болгон пикир келишпестиктерди аныктоо, мындай жагдайларды чечүүгө көмөктөшүү максатында  туруктуу негизде коштоп жүрөт,  ошондой эле Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган биргелешкен иш-чараларды жүргүзөт. Мындан […]

Инвестициялык долбоорлордун Реестри ийгиликтүү ишке ашырылууда

Опубликовано: 11.11.2022 в 14:08

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2022-жылдын 11-ноябрында Улуттук инвестициялык агенттик керамограниттик плиткаларын чыгаруунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсын инвестициялык долбоорлордун Реестрине киргизүү жөнүндө келишимге кол койгон.  Бул инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы керамикалык плиткаларды өндүрүү жана өндүрүүнү камтыган. Өз кезегинде экинчи өндүрүштүк линиянын ишке кириши менен жогорку сапаттагы керамограниттик плиткаларын чыгаруу каралган. Экинчи линиянын ишке киргизилишине байланыштуу «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсынын штаттык саны 2022-жылы 400 кызматкерге чейин көбөйөт. Белгилей кетсек, «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсынын фабрикасынын курулушуна жеке инвесторлор тарабынан 50 миллион доллар инвестиция тартылган. Бүгүнкү күндө «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсы Кыргыз Республикасында керамикалык плиткаларды чыгаруу менен алектенген жалгыз завод болуп саналат. Кошумчалай кетсек, ишкана Кыргыз Республикасында абройлуу салык төлөөчү болуп саналат жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн бюджетине 85 миллион сомдон ашык, ал эми 2021-жылы 96 миллион сомдон ашык каражат которгон. «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсынын продукциялары Россия Федерациясына, Казакстан Республикасына экспорттолот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын […]