Monthly Archives: May 2023

Жогорку Кеңештин депутаттары Индия менен эки тараптуу инвестициялык келишимди ратификациялоону жактырышты

Опубликовано: 31.05.2023 в 15:33

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 31-майдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында “2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишимди ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Кыргызстанда биринчи жолу чыгарылган СУКУК аль Мудараба – ислам баалуу кагаздары мамлекеттик каттоодон өттү

Опубликовано: 30.05.2023 в 15:03

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргызстанда биринчи жолу чыгарылган СУКУК аль Мудараба – ислам баалуу кагаздары мамлекеттик каттоодон өттү. Кыргызстанда биринчи жолу чыгарылган СУКУК аль Мудараба – ислам баалуу кагаздары мамлекеттик каттоодон өттү. “Интеркаскад исламдык атайын финансылык компаниясы” ЖЧКсы жалпы 750 млн.сомдук үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарын чыгарды. Анын жүгүртүү мөөнөтү 2030-жылдын 31-декабрына чейин. Оригинатору Гонконгдо катталган “Интеркаскад Трейд энд Файненс Лимитед” компаниясы. Оригинатор өз бизнесин өнүктүрүү үчүн кошумча каражаттарды тартууну жана чогултулган каражаттарды пайдалануудан түшкөн пайданын үлүшүн инвесторлорго берүүнү пландаштырууда. Оригинатор Түштүк-Чыгыш Азия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда техника соодасын жүргүзөт. Эмитент менен оригинатордун ортосунда Мудараба келишиминин принциптерине негизделген инвестициялык макулдашуу түзүлгөн. Эскертүү: “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ислам баалуу кагаздары – каржылоонун ислам принциптеринин (Шариат стандарттарынын) негизинде чыгарылган, эмитенттин белгиленген менчигиндеги же бизнесиндеги бөлүнгүс үлүшкө менчик укугун күбөлөндүрүүчү баалуу кагаздар. Кыргыз Республикасында эмитенттери СУКУК аль Мудараба – ислам баалуу кагаздарынын төмөнкү […]

2023-жылдын 24-25 майында Москва шаарында Экинчи Евразия экономикалык форуму болуп өттү

Опубликовано: 26.05.2023 в 16:22

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев үстүбүздөгү жылдын 24-25-майында Москва шаарында (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алкагында өткөн “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Экинчи Евразия экономикалык форумунун ишине катышты. Форумду өткөрүү Евразия мейкиндигинде кооперациялык байланыштарды өркүндөтүүгө багытталган. Ишкер программанын негизги темалары бизнестин ЕАЭБдеги интеграциялык процесстердин эң актуалдуу жана талап кылынган маселелери болду. Форумдун ишине ЕАЭБге мүчө мамлекеттер, байкоочу өлкөлөр, ошондой эле катышууга чакырылган мамлекеттер тарабынан ири ишкер чөйрөлөрдүн 2000ден ашуун өкүлдөрү катышты. Форумда Жалын Жээналиев “ЕАЭБ – Латын Америкасы” тегерек үстөлү жана “ЕАЭБ-Индонезия”бизнес – диалогу аттуу панелдик сессияларда Кыргыз Республикасынан баяндамачы болду. “ЕАЭБ – Латын Америкасы тегерек үстөлүндө сүйлөгөн сөзүндө Ж.Жээналиев инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи, бирок бул үчүн дал ушул соода-логистикалык маселелерди чечүү керектигине жана Латын Америкасы менен бизде экспорт жана импорт боюнча логистикалык каттамдар жоктугуна, ага карабастан […]

Үрүмчү шаарында (КЭР) Кыргыз соода үйү ачылат

Опубликовано: 25.05.2023 в 18:27

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 25-майында Үрүмчү шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары Б.Э. Төрөбаев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясынын СУАР (КЭР) ишкерлери менен ишкер жолугушуусу болуп өттү. КР Тышкы иштер министрлигинин жана КР КЭРдеги элчилигинин колдоосу менен КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик “Хуахе Интернейшнл” Бизнес-консалтинг компаниясы менен биргеликте иш-чаранын демилгечиси болду. Б.Төрөбаев куттуктоо сөзүндө акыркы жылдары КР менен КЭРдин ортосундагы мамилелер бизнес чөйрөсүндө кыйла бекемделгенин белгиледи. “Бүгүнкү жолугушуубуз кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өз салымын кошот, мамилелерибиз мындан да бекем жана жемиштүү болот деп ишенем”, – деп белгиледи ал. Инвестициялар боюнча агенттиктин директорунун орун басары Н.М.Баясов инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кыскача маалымат берди. Анын айтымында акыркы он жылда биздин региондун инвестициялык потенциалы бир нече эсеге өстү, бүгүнкү күндө КЭР ТЧИ агымынын 26,3% ашыгын же жалпысынан 275 млн. АКШ дол.               ээлейт, бул көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстанда алдыңкы орунда турат. “Эң оболу, биз Кытай менен […]

Кувейт инвестициялык компаниясынын делегациясынын иш сапарынын алкагында мамлекеттик компаниялардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү

Опубликовано: 25.05.2023 в 13:32

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Эскерте кетсек, Жакынкы Чыгыштан инвесторлор Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиевдин чакыруусу менен келишкен. Делегациянын иш сапарынын жүрүшүндө ИУА Кувейт тарапка Кыргызстандын бизнес ассоциацияларынан жана ири ишканаларынан компаниялардын тизмесин изилдөө үчүн берген, Кувейт тарап кайсы компаниялар менен жолугушууларды өткөрүүгө кызыкдар экендигинин кыска тизмесин аныктады. ИУАнын колдосуу менен бул компаниялар менен В2В форматында сүйлөшүүлөр өттү. Ошондой эле ири инфратүзүмдүк долбоорлор үчүн мамлекеттик компаниялар менен өзүнчө жолугушуулар өткөрүлдү. Кувейт тарап мамлекеттик фонддордун каражаттарын, ошондой эле жеке үй-бүлөлүк кеңселерди ири мамлекеттик долбоорлорго тартууга жардам берүүгө кызыкдар экендигин билдирүү менен долбоорлорду толук изилдөө, инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн тыкыр маалымат берүүнү өтүндү. Кувейт инвестициялык компаниясынын делегациясынын иш сапарынын жыйынтыгында Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн негиздер түптөлдү.

Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлеринин соода-экономикалык кызматташтыгы илгерилөөдө

Опубликовано: 24.05.2023 в 13:38

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаровдун Кытай Эл Республикасына жасаган алгачкы мамлекеттик сапарынан кийин эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык илгерилөөдө. 2023-жылдын 23-майында Үрүмчү шаарында (КЭР) элчиликтин жана КЭР СУАР эл аралык  соодага көмөктөшүү комитетинин колдоосу менен Улуттук агенттик уюштурган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаевдин Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун жана Кыргызстандын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуусу болуп өттү. Б.Төрөбаев өз куттуктоо сөзүндө бул иш-чаранын эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки мамлекеттин бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Панелдик сессияга билим берүү, саламаттыкты сактоо, мейманкана бизнеси, архитектура жана курулуш, маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуулар, айыл чарба, энергетика, электрондук коммерция жана финансы сектору сыяктуу тармактардан Кыргызстандын 20дан ашык компаниясынын жана Кытайдын 80 компаниясынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын ишкердик программасы маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде бизнес кооперациясынын келечегин, экспортту илгерилетүү, региондук интеграция жана экономикалык өнүгүү маселелерин камтыды. […]

ИУА Кыргызстан менен Монголиянын бизнес-ассоциацияларынын ортосунда соода байланыштарын жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр

Опубликовано: 23.05.2023 в 17:47

Автор:

Категории: Без категории,Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 23-майда, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев Монголиядан келген делегация менен жолугушту. Монгол банк ассоциациясынын жана продукцияны экспорттоо жана импорттоо менен алектенген ири холдингдердин өкүлдөрүнө Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин иши жөнүндө маалымат берилди. Коноктор Кыргызстандагы инвестициялык климат, мамлекеттин инвесторлорго көмөк көрсөтүүсү жана колдоосу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү тууралуу маалымат алышты. Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын бизнес-ассоциацияларынын ортосунда соода алакаларын жөнгө салуу үчүн байланышуу даректери менен алмашты. Өз кезегинде Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кыргыз продукциясын Монголиянын рыногуна чыгарууга көмөк көрсөтүүгө даяр.

Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

Опубликовано: 04.05.2023 в 13:11

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 4-майында Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча кеңештин биринчи отуруму болуп өттү. Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жээналиев Ж.М. Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана Улуттук агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасады. Өз сөзүнүн жүрүшүндө Жээналиев Ж.М. Баткен облусунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор тууралуу жолугушуунун катышуучуларына маалымат берип, аймактагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган конкреттүү демилгелерди сунуштады.