Monthly Archives: September 2022

Агенттиктин башчысы Кытай бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Опубликовано: 30.09.2022 в 17:51

Автор:

Категории: Без категории,Жаңылыктар жана окуялалар

2022-жылдын 30 сентябрында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Кытай «Goldy Mount» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.   «GOLDY MOUNT» компаниясы өзүнүн ишин курулуш материалдарын жеткирүү, комплекстүү инженердик кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле тышкы экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө жүргүзөт. Компания Россия Федерациясынын аймагында, Казакстан, Грузия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө иштеп жатат. Компания ири масштабдагы мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышат, мисалы: – “TASHKENT CITY”, эл аралык каржы борбору, ошондой эле бир катар башка долбоорлордо.  Жакынкы келечекте, компания төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат 1) КМШ өлкөлөрүндө жана дүйнөлүк аренада тышкы экономикалык инвестициялык ишти өнүктүрүү. 2) жашыл энергетика чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуу. Жабдууларды каржылоо жана күн жана шамал электр станцияларын кеңейтүү. 3) Өзбекстан, Казакстан, Беларусь, Кыргызстан жана КМШнын башка өлкөлөрүнө электромобилдерди, тетиктерди импорттоо. Ошондой эле электромобилдер тармагында сапаттуу тейлөө кызматын өнүктүрүү. Мындан тышкары, компания туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Бул кадимки туристтик […]

Кыргыз жана Австриянын бизнесмендери кызматташууну талкуулап жатышат

Опубликовано: 29.09.2022 в 18:07

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 29-жылдын 2022-сентябрында Бишкек шаарында экономикалык байланыштар боюнча Кыргыз-Австрия комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Отурумдун алкагында эки мамлекеттин бизнесмендери, эки мамлкеттин кызматташтыктын учурдагы абалын талкулап, Австриянын Жашыл экономика, айыл чарба, туризм жана It-сектор боюнча долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйбасын эске алуу менен, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Толкунай Таалайбекова конокторго Кыргызстандын инвестициялык климаты жөнүндө презентация берип, австриялык бизнестин өкүлдөрүн инвестицияга жана эки тараптуу пайдалуу кызматташууга чакырды. Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Австриянын кызматташтыгынын мындан аркы багыттарын белгилөө менен жолугушуунун протоколуна кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев пресс-конференция өткөрдү

Опубликовано: 29.09.2022 в 16:32

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Ведомствонун башчысы инвестицияларды тартуу пландары менен бөлүштү. Өлкөнүн жетекчилиги өз алдына Кыргызстанга инвестицияларды натыйжалуу тартуу боюнча тапшырма койду. Бул тапшырманын имплементатору болуп КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик эсептелет. Улуттук агенттиктин жетекчилиги өлкөгө инвестицияларды тартуу жана аларды коргоо боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгууда. Иш эки негизги багытта жүргүзүлөт: – Инвестициялоо процессин жеңилдетүү, инвесторлордун укуктарын коргоо бөлүгүндө мыйзамдарды жана ЧУАларды өркүндөтүү; -Мамлекеттик долбоорлорго, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлоруна жана жеке секторго каражаттарды натыйжалуу тартуу үчүн өлкөнүн бизнес коомчулугу менен кызматташуу. Умбриэль Темиралиев журналисттерге мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын максаттары, үзгүлтүксүз туристтик агымды көбөйтүү максатында туризмди өнүктүрүү потенциалы, экспорттук потенциалды жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары ведомствонун башчысы батир маселесин чечүү жана энергетикалык, жылуулук, суу ресурстарына жана инженердик тармактарга болгон жүктү азайтуу максатында спутник- шаарларын куруунун зарылдыгы жөнүндө кеңири айтып берди. “Киреше жана өнүктүрүү боюнча натыйжалуу багыттарынын […]

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Опубликовано: 23.09.2022 в 16:13

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бир тилде сүйлөө – биримдиктин башталышы Улуттук агенттикте мамлекеттик тилге арналган  салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу жана мамлекеттик тилди билүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө жетекчиликтин куттуктоо сөзү менен башталды. Равшанбек Сабиров өзүнүн куттуктоо сөзүн Байдылда Сарногоевдин ыр саптары менен баштады.        Эси жогун аныктайт.        Эне тилин сүйбөгөн,        Элин сүйүп жарытпайт.        Ким барктаса өз энесин, өз тилин,        Барктай билет дүйнө элинин  көп тилин.        Ар улуттун энеси уулу, тили улуу,        Өйдө, ылдый деп айта айта албайбыз эч бирин! Улуттук агенттикте жана ведомствого караштуу түзүмдөрдө бир айлыктын алкагында мамлекеттик тилди өркүндөтүү максатында “Кыргыз тилим – ырысым, көнөрбөс, өчпөс дилим!” аттуу бир айлык жарыяланган. Бул иш-чаранын алкагында  кызматчылар  “Ата Мекен жөнүндө” темасында жат жазуу жазышты. Ошондой эле “Кыргыз мамлекетин түптөгөн инсандар”, “Инвестициялар жөнүндө” деген темалар боюнча видеотасма сынагы жарыяланып,  “Келгилечи, кыргыз тилин даңктайбыз”  көркөм окуу боюнча видеосынак жана “Биз […]