Кыргыз жана Австриянын бизнесмендери кызматташууну талкуулап жатышат

Бүгүн, 29-жылдын 2022-сентябрында Бишкек шаарында экономикалык байланыштар боюнча Кыргыз-Австрия комиссиясынын жыйыны болуп өттү.
Отурумдун алкагында эки мамлекеттин бизнесмендери, эки мамлкеттин кызматташтыктын учурдагы абалын талкулап, Австриянын Жашыл экономика, айыл чарба, туризм жана It-сектор боюнча долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйбасын эске алуу менен, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Толкунай Таалайбекова конокторго Кыргызстандын инвестициялык климаты жөнүндө презентация берип, австриялык бизнестин өкүлдөрүн инвестицияга жана эки тараптуу пайдалуу кызматташууга чакырды.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Австриянын кызматташтыгынын мындан аркы багыттарын белгилөө менен жолугушуунун протоколуна кол коюлду.