Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев пресс-конференция өткөрдү

Ведомствонун башчысы инвестицияларды тартуу пландары менен бөлүштү.
Өлкөнүн жетекчилиги өз алдына Кыргызстанга инвестицияларды натыйжалуу тартуу боюнча тапшырма койду. Бул тапшырманын имплементатору болуп КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик эсептелет. Улуттук агенттиктин жетекчилиги өлкөгө инвестицияларды тартуу жана аларды коргоо боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгууда. Иш эки негизги багытта жүргүзүлөт:
– Инвестициялоо процессин жеңилдетүү, инвесторлордун укуктарын коргоо бөлүгүндө мыйзамдарды жана ЧУАларды өркүндөтүү;
-Мамлекеттик долбоорлорго, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлоруна жана жеке секторго каражаттарды натыйжалуу тартуу үчүн өлкөнүн бизнес коомчулугу менен кызматташуу.
Умбриэль Темиралиев журналисттерге мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын максаттары, үзгүлтүксүз туристтик агымды көбөйтүү максатында туризмди өнүктүрүү потенциалы, экспорттук потенциалды жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө айтып берди.
Мындан тышкары ведомствонун башчысы батир маселесин чечүү жана энергетикалык, жылуулук, суу ресурстарына жана инженердик тармактарга болгон жүктү азайтуу максатында спутник- шаарларын куруунун зарылдыгы жөнүндө кеңири айтып берди. “Киреше жана өнүктүрүү боюнча натыйжалуу багыттарынын бири айыл чарбасы болуп саналат. Биздин милдет стартап ишканаларды колдоо, өндүрүш процесстери боюнча кеңеш берүү, аларга заманбап жабдууларды сатып алууга жана керектүү рынокторго чыгууга жардам берүү. Биринчи кезекте чакан жана орто бизнести колдоо зарыл”,- деди Умбриэль Темиралиев.
Ушул себептен Улуттук агенттик башка мамлекеттик органдар менен биргеликте венчурдук жана гибриддик каржылоо үчүн механизмдерди, ошондой эле кластердик ассоциациялардын ишин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат – деп белгиледи жетекчилик.
Ошондой эле журналисттерге 2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк түз инвестициялардын келиши тууралуу маалымат берилди. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов өлкөлөр боюнча, биринчи кезекте Канада -26% (157 млн$), экинчи — Кытай (20,6%) жана үчүнчү Түркия — 6,1% ($38 млн ) жайгашкан-деп билдирди. 2022-жылдын 6 ай ичинде чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы агымынын суммасы 628 млн долларды түздү.
Бишкек жана Чүй облустарына инвестициялардын агымы жалпы көлөмдүн 49% же 300 млн доллардан ашык туура келет. Ысык-Көл облусу инвестициялар боюнча лидер болуп эсептелет жана акыркы жылы Талас облусунда өсүш байкалууда.
“Азыркы учурда инвестициялардын көпчүлүгү жеңил өнөр жайга, тоо – кен тармагына жана туризмге багытталган”, – деп билдирди Нурадил Баясов.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк түз салымдардын көлөмү КРдин тарыхында үчүнчү жолу $1 млрд ашкан.