Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Бир тилде сүйлөө – биримдиктин башталышы

Улуттук агенттикте мамлекеттик тилге арналган  салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу жана мамлекеттик тилди билүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө жетекчиликтин куттуктоо сөзү менен башталды. Равшанбек Сабиров өзүнүн куттуктоо сөзүн Байдылда Сарногоевдин ыр саптары менен баштады.

       Эси жогун аныктайт.

       Эне тилин сүйбөгөн,

       Элин сүйүп жарытпайт.

       Ким барктаса өз энесин, өз тилин,

       Барктай билет дүйнө элинин  көп тилин.

       Ар улуттун энеси уулу, тили улуу,

       Өйдө, ылдый деп айта айта албайбыз эч бирин!

Улуттук агенттикте жана ведомствого караштуу түзүмдөрдө бир айлыктын алкагында мамлекеттик тилди өркүндөтүү максатында “Кыргыз тилим – ырысым, көнөрбөс, өчпөс дилим!” аттуу бир айлык жарыяланган. Бул иш-чаранын алкагында  кызматчылар  “Ата Мекен жөнүндө” темасында жат жазуу жазышты. Ошондой эле “Кыргыз мамлекетин түптөгөн инсандар”, “Инвестициялар жөнүндө” деген темалар боюнча видеотасма сынагы жарыяланып,  “Келгилечи, кыргыз тилин даңктайбыз”  көркөм окуу боюнча видеосынак жана “Биз кыргыз тилинде сүйлөйбүз” флешмобу өткөрүлдү. Мындан тышкары  кызматкерлер макал-лакап, накыл кеп, жаңылмач билүү боюнча жарышышты. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланып, жетекчиликтин ыраазычылыгына татыды.

Иш-чаранын соңунда  Улуттук агенттиктин директору кызматкерлерди мамлекеттик тилди колдоого жана өнүктүрүүгө чакырды. “Колдо болгон нерсени, Мекенибизди, тилибизди, өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигибизди баалай билүүнү үйрөнөлү. Биздин алдыбызга коюлган милдеттерди чечүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап,  биригелешип, ынтымакта иш алып барсак, кандай гана иш болбосун ийгилик болот”,-деп белгилеп кетти Равшанбек Сабиров.