ЕАЭБди өнүктүрүүнүн жаңы багыттары

Евразия экономикалык форумунда өнүгүүнүн  жаңы багыттары талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентинине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Р.А. Сабиров  биринчи Евразиялык форумдун алкагында 2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында “Шератон” мейманканасында өткөн панелдик маектешүүдө “ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнун  жаңы багыттары”темасында  куттуктоо сөзүн сүйлөдү

Улуттук агенттиктин директору Р.А. Сабиров  иш-чаранын жана ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарынын жогору маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын: либералдык мыйзамдар, жалпы саны 550 млн.адам болгон  сатуу рынокторун,  өзгөчө салык зонасы иштеген жогорку технологиялар паркы сыяктуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү эске салды. 

Көрсөткүчтөр аркылуу ЕАЭБ ичиндеги оң багыттарды  көрүүгө болот. Мисалы: интеграциянын  натыйжалуулугунун  өсүшү, ал Кыргызстандын жарандарынын Россияда жана ЕАЭБге кирген башка өлкөлөрдө абалын жакшыртууда чагылдырылат, ал эми трансферттердин агымы туруктуу мүнөзгө ээ.

Улуттук агенттиктин  директору Р.А. Сабиров: Бизнес-секторду стимулдаштыруу жана колдоо үчүн мамлекет Борбордук Азия регионунда Кыргызстанда кыйла либералдуу салык режимин түздү. Мындан тышкары өткөн жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамга кол коюлган, ушул облустун аймагында колдонулуп жаткан салык режими сыяктуу өзгөчө режимдерге сиздердин көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. 5 жылдык мөөнөткө жана 10 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен өнөр жай, экспорттоого  багытталган жана инновациялык ишканаларды ишке киргизүүдө сатуу салыгы, киреше салыгы, жер салыгы жана кыймылсыз мүлк салыгы жокко чыгарылгандыгына  токтолду.

Мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыктарын байланыштырган негизги звено болуп саналган мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ролун да белгилебей коюуга болбойт. Азыркы учурда 55 МЖӨ долбоору аркылуу  1.0 млрд.АКШ доллары суммасында 2022-2026-жылдарга  Кыргыз Республикасын келечектеги кыска мөөнөттүү өнүктүрүү программаланууда.

Жыйынтыгында  Улуттук агенттиктин директору  Р.А. Сабиров иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, форумдун жүрүшүндө катышуучуларга ийгиликтүү чечимдерди каалады.