Monthly Archives: October 2023

Кыргызстан менен Франция тоо-лыжа тармагын өнүктүрүүнү талкуулашууда

Опубликовано: 31.10.2023 в 10:54

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов Француз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Франсуа Делаус мырза менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар француз адистеринин катышуусу менен республиканын тоо-лыжа тармагын өнүктүрүү долбоорлорун талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү үчүн Франциядан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды. Француз компанияларынын жогорку технологиялуу лыжа курортторун түзүү тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду. Франциянын элчиси Франсуа Делаус мырза Талантбек Имановго активдүү кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, француз компанияларынын республикага болгон кызыгуусу артып жаткандыгын белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстанда инвестицияларды тартуу жана бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Талантбек Иманов өз кезегинде кыргыз тараптын кызматташууга даяр экендигин баса белгилеп, өлкөнүн туризмин жана экономикасын өнүктүрүү үчүн тоо-лыжа секторунун потенциалын белгиледи. Ал ошондой эле биргелешкен долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышына жана Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы достук мамилелердин бекемделишине ишенимин билдирди.

Санариптик экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөө: Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Меморандумга кол коюлду

Опубликовано: 25.10.2023 в 22:25

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 2023-жылдын 25-октябрында, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана КЭР Коммерция министрлигинин ортосунда санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Макулдашууга кол коюу аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цяндын кеңейтилген сүйлөшүүлөрүнөн кийин болду. Санариптик экономика глобалдык экономиканын өсүшү үчүн барган сайын маанилүү кыймылдаткыч күчкө айланып баратканын белгилей кетүү керек. Кыргызстан менен Кытай бул чөйрөдө инвестициялык кызматташуу үчүн чоң потенциалга ээ. Меморандумдун алкагында тараптар санариптик экономиканын инфраструктурасын курууда кызматташтыкты бекемдөөгө, салттуу инфраструктураны санариптештирүүгө жана тармакка кошууга, интеллектуалдык модернизациялоого ишканалардын активдүү катышуусуна көмөктөшүүгө ниеттенүүдө. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Delong Steel Group Co., LTD» ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул жыл сайын 15 миллион тоннадан ашык болоттун […]

Кыргызстан менен Монголия инвестиция жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Опубликовано: 24.10.2023 в 15:08

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Монголиянын соода жана инвестициялар боюнча агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлду. Меморандумга Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолугушуусунун жүрүшүндө кол коюлду. Белгилей кетсек, бул Монгол тарап менен инвестиция чөйрөсүндө байланыш түзүүдөгү биринчи кадам болуп саналат. Кол коюлган меморандумдун негизги максаты чакан жана орто бизнестин ишкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашууга басым жасоо менен Кыргызстан менен Монголиянын бизнесинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү болуп саналат.

Улуттук агенттиктин Дүйнөлүк Банк менен кызматташуусунун жаңы этаптары

Опубликовано: 20.10.2023 в 17:01

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н. Баясов Дүйнөлүк Банктын Миссиясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды. УИАнын директорунун орун басары учурдагы кызматташтыктын жыйынтыктарын белгилеп, өлкөнүн инвестициялык климатынын учурдагы абалы жөнүндө маалымат берди. Миссиянын негизги максаты “Кыргыз Республикасында тике чет өлкөлүк инвестицияларды илгерилетүү” аналитикалык ишин жүргүзүү жана анын андан аркы натыйжалары болду. Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстандагы Миссиянын максаттары жана милдеттери, орто мөөнөттүү мезгилге кызматташуу боюнча келечектеги пландар, Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын аныктоо жана инвестицияларды тартуунун жаңы механизмдери сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Абу-Дабидеги дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-жыйыны: Кыргызстан өзүнүн инвестициялык потенциалын сунуштап, ЮНКТАДДЫН Башкы катчысы менен өнүгүү келечегин талкуулады

Опубликовано: 20.10.2023 в 14:47

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Абу-Даби шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) БУУнун соода жана өнүктүрүү конференциясынын (ЮНКТАД) дүйнөлүк инвестициялык форумунун 8-отуруму болуп өттү. Иш-чарага 160 өлкөдөн 6 миңден ашык инвестор, анын ичинде мамлекет жана өкмөт башчылары, министрлер, дүйнөгө белгилүү компаниялардын жана фондулук биржалардын жетекчилери, суверендүү фонддордун жетекчилери жана инвестициялык коомчулуктун башка өкүлдөрү катышты. Форумга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрү катышты. УИА Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы жана климаты тууралуу презентация жасады. Иш-чаранын катышуучуларына жаңыланып туруучу булактар жана жарандык авиация чөйрөсүндөгү долбоорлор сунушталды. Мындан тышкары, Улуттук агенттиктин жана МЖӨ борборунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасын инвестициялоону баштоого даяр болгон эл аралык инвестициялык фонддор жана компаниялар менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. УИА менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга эки компаниянын келиши күтүлүүдө – авиакомпанияларга инвестиция салууга кызыкдар East Palace Group жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн Sky power global.

Катар Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүндө ишенимдүү өнөктөш болууга даяр

Опубликовано: 20.10.2023 в 13:56

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 2023-жылдын 20-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов менен Qatar Mining Company Башкы директору Халед Ахмед Аль-Обейдли жетектеген Катардын экономикалык делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөргө Айыл чарба, энергетика, жаратылыш ресурстары министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги өкүлдөр, ошондой эле МЖӨ борборунун жана “Кыргыз Темир Жолу “УК” мамлекеттик ишканасынын башчыларынын орун басарлары катышып, учурдагы эки тараптуу экономикалык жана ишкердик кызматташтыкка тиешелүү бир катар маселелерди талкуулашты. Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов белгилегендей, Кыргызстан Борбор Азиядагы инвестиция үчүн келечектүү өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Азыркы учурда өлкө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен өз экономикасын активдүү өнүктүрүп жатат. Катар тарапка айыл чарба, тоо-кен казып алуу, гидроэнергетика, туризм, транспорттук логистика сыяктуу негизги тармактарда инвестициялык долбоорлор сунушталды. Айыл чарбасы Кыргызстандын экономикасынын негизги тармагы болуп саналат. Инвесторлорго дан өндүрүү, эт-сүт, жашылча-жемиш өстүрүү сыяктуу ар кандай сегменттерге инвестиция салуу сунушталат. Кыргызстанда […]

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо: Бишкекте эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун В2В форматындагы жолугушуусу өттү

Опубликовано: 19.10.2023 в 18:10

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 13-отуруму өтүүдө. Форумдун алкагында борбор калаага Ирандык 16 компаниянын өкүлдөрү келишти, алардын арасында кооперативдер палатасынын жана канаттууларды өстүрүүчү ишканалар тармагынын башчылары да бар. Алар үчүн Улуттук агенттиктин көмөгү менен Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун аянтчасында В2В форматында айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай чөйрөсүндөгү ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушуунун максаты эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо болду. Катышуучулар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, биргелешкен ишканаларды түзүү жана продукцияларды экспорттоону илгерилетүү стратегиясын талкуулашты. Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж. Жээналиев Ирандык ишкерлердин алдына чыгып, Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу презентация тартуулады. Ал белгилегендей, республикада либералдуу мыйзамдар жана салыктын төмөн ставкалары иштейт. Мындан тышкары, Кыргызстан Иранга тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун эл аралык стандарттарына жооп берген экологиялык таза продукцияны сунуштоого даяр. […]

Улуттук агенттик БУУнун (UNWTO) Бүткүл Дүйнөлүк туризм уюмунун Башкы Ассамблеясынын 25-сессиясына катышты

Опубликовано: 18.10.2023 в 14:26

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Самаркандда (Өзбекстан) өтүп жаткан БУУнун (UNWTO) Бүткүл Дүйнөлүк туристтик уюмунун Башкы Ассамблеясынын 25-сессиясына катышты. Жыйынга дүйнөнүн 140тан ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү катышты. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сессиянын ачылыш аземинде дүйнөлүк туризмди өнүктүрүүгө багытталган (UNWTO) аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи. Башкы Ассамблеянын алкагында глобалдык инвестициялык форум болуп өттү, ага туристтик тармактын алдыңкы компаниялары жана уюмдары катышты. Форумда министрлердин жана эл аралык финансы институттарынын жетекчилеринин катышуусунда беш панелдик сессия жана 22 презентация болуп өттү. Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын туристтик-инвестициялык потенциалын көрсөттү. Ошентип, форумдун катышуучуларына глэмпинг парктарын жана лыжа базаларын куруу долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле эко туризмди өнүктүрүү сунушталды. Мындан тышкары, Улуттук агенттик Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте Наманган, Андижан жана Фергана облустарынын хокимдери менен Кыргызстандын ар түрдүү чөйрөлөрдөгү жана тармактардагы инвестициялык потенциалы жөнүндө бир катар сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрдү. Мисалы, Андижан облусунун башчысы өлкөнүн түштүгүндө травертинди […]

Жалал-Абадда “Россия менен Кыргызстандын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” аттуу 10-Кыргыз-Россия аймактар аралык конференция башталды

Опубликовано: 11.10.2023 в 19:03

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Онунчу жолу өтүп жаткан иш-чарага эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, бизнес чөйрөлөрү жана эксперттер чогулуп, келечектүү кызматташтыкты талкуулашты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук конференциянын ачылышында саламдашуу сөздөрү менен чыгып сүйлөштү. Кыргызстан менен Россиянын Президенттери өз видео кайрылууларында эки өлкө ортосундагы экономикалык жана саясий байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Пленардык отурумдун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Башчысы Акылбек Жапаров Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда ар түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп калганын баса белгиледи. Ошондой эле ал экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даярдыгын билдирди. Ишкер чөйрөлөрдүн панелдик сессиясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.Жээналиев сөз сүйлөп, Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу презентация тартуулады. Ал мамлекет тарабынан чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча […]

Улуттук агенттиктин, Бишкек ш. ЭЭА жана МЖӨ борборунун кызматкерлери Бишкек шаардык карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы түрдөгү үй-интернатында болушту

Опубликовано: 11.10.2023 в 16:54

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Улуттук агенттиктин, Бишкек ш. ЭЭА жана МЖӨ борборунун кызматкерлери Бишкек шаардык карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы түрдөгү үй-интернатында болушту. Эл аралык карылар күнүнө арналган бир айлыктын алкагында алар мекемеге тамак-аш жана жылуу кийимдерди тапшырышты. Кызматкерлер өздөрү бул интернаттын жашоочуларына көңүл буруу жана кам көрүү үчүн дайыма келип турууну каалашканын билдиришти. Мекемеде болжол менен 220 адам жашайт, алардын көпчүлүгү жалгыз бой же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Улуттук агенттик мындай акцияларды улантып, жакшы салтка айлантууну убада кылууда. Эскерте кетсек, бир айлык 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Карыларга көңүл буруу жана камкордук!” деген ураан астында өтөт.