Жалал-Абадда “Россия менен Кыргызстандын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” аттуу 10-Кыргыз-Россия аймактар аралык конференция башталды

Онунчу жолу өтүп жаткан иш-чарага эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, бизнес чөйрөлөрү жана эксперттер чогулуп, келечектүү кызматташтыкты талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук конференциянын ачылышында саламдашуу сөздөрү менен чыгып сүйлөштү.

Кыргызстан менен Россиянын Президенттери өз видео кайрылууларында эки өлкө ортосундагы экономикалык жана саясий байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Пленардык отурумдун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Башчысы Акылбек Жапаров Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда ар түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп калганын баса белгиледи. Ошондой эле ал экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даярдыгын билдирди.

Ишкер чөйрөлөрдүн панелдик сессиясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.Жээналиев сөз сүйлөп, Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу презентация тартуулады. Ал мамлекет тарабынан чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды, ошондой эле айыл чарба, туризм жана экономиканын башка тармактары боюнча өлкөнүн жогорку потенциалын баса белгиледи.

“Россия менен Кыргызстандын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” конференциясы эки өлкөнүн ортосундагы узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү дагы бир кадам болуп калды. Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын ортосунда тыгыз байланыштарды түзүүгө жана достук мамилелерди чыңдоого болгон умтулууну тастыктады.