Парижде биринчи кыргыз-француз бизнес-форуму өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-ноябрда Парижде өткөн биринчи кыргыз-француз бизнес-форумуна катышты.

Ишкер аянтча Кыргызстан менен Франциянын ортосунда энергетика, туризм, айыл чарба жана логистика сыяктуу ар түрдүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн уюштурулган.

Жолугушууга кыргыз жана француз компанияларынын 50дөн ашык өкүлдөрү катышты.

Форумдун катышуучулары үчүн кайра жаралуучу энергия, агроөнөр жай комплекси жана маалыматтык технологиялар жаатында презентациялар өткөрүлдү.

Иш-чаранын маанилүү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Франциянын “Медеф интернасиональ” ассоциациясынын, ошондой эле УИАга караштуу МЖӨ борбору менен”ст” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргыз-француз мамилелерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, француз компанияларын кыргыз бизнеси менен активдүү кызматташууга чакырды. Ал ошондой эле туризм, агроөнөр жай комплекси жана “таза” энергетика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин белгиледи.

Бизнес-форум тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн ортосунда ишкер байланыштарды түзүү үчүн аянтча болуп калды.

Форумдун иш аянтында бал, дары чөптөр, кургатылган жемиштер, кийиз жана дизайнер кийимдери сыяктуу ата мекендик продукциялардын көргөзмөсү да уюштурулду.