Шанхайдагы “CHINA INTERNATIONAL IMPORT EXPO” көргөзмөсү: Кыргызстандын экспортчулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Шанхайдагы «CHINA INTERNATIONAL IMPORT EXPO» көргөзмөсү 100дөн ашык өлкөдөн 150 000ден ашуун конокторду чогултту. Улуттук көргөзмөнүн алкагында Made in Kyrgyzstan бренди менен бал, кургатылган жемиштер, ширелер жана бөтөлкөдөгү азыктар, ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлдү.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө продукциянын потенциалдуу импорттоочулары, анын ичинде Кытайдын соода ассоциациясынын (CATIS) өкүлдөрү менен 200дөн ашык жолугушуулар өткөрүлдү. Alibaba платформасында компанияларды жайгаштыруу маселелери талкууланды.

Уюштуруучулар белгилегендей, Көргөзмөгө катышуу көптөгөн компаниялар үчүн өз продукцияларын көрсөтүү жана жаңы өнөктөштөрдү табуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп калды. БУУӨПтүн Борбор Азия өлкөлөрүндөгү «Соодага көмөктөшүү» долбоору жана Финляндия Өкмөтү иш-чаранын өнөктөштөрү болушту.