Кыргызстанда “Нарын” ЭЭА аймагында биринчи бонд кампасы курулууда

“Нарын” ЭЭАнын аймагында биринчи бонд кампасы курулууда, ал регионду өнүктүрүү жана Нарын облусуна инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү кадам болуп калат.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясовдун, «GuangDong Logistics Profession Association» ассоциациясынын президенти Ма Жэньхун мырза жана Guangzhou Flyt Logistic Limited башкы директору Чжу Цзэвэн мырзанын ортосунда өткөн жолугушууда “Нарын” ЭЭА аймагында бонд кампаларын куруу маселелери талкууланды.

Бул демилгенин алкагында кытайлык инвесторлор “Нарын” ЭЭА субъекти “Кара-Булак” ЖЧКсы менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы районунда бонд кампасын куруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Келечекте башка долбоорлорду, анын ичинде электрондук коммерция үчүн онлайн аянтчаны түзүү жана Нарын ЭЭАнын аймагында автоунаа базарын курууну кароо пландалууда. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоо долбоору каралат.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 149 токтому менен “Нарын ЭЭАнын аймагында товарларды алып өтүүнүн тартиби” кабыл алынган, ал Нарын облусунун эркин экономикалык зонасынын аймагында инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.