Monthly Archives: March 2023

Нарын облусунда инвестициялык жана МЖӨ долбоорлору аныкталды

Опубликовано: 22.03.2023 в 12:28

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.Жээналиев жана МЖӨ борборунун директорунун орун басары У.Данилбеков Нарын облусу боюнча жумуш сапарынын алкагында артыкчылыктуу инвестицияларды жана МЖӨ долбоорлорун аныктоо боюнча жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууда Нарын облусун жетекчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты. Жолугушууларда Нарын облусунун инвестициялык потенциалын чыңдоо жана мамлекет тарабынан колдоого муктаж болгон тармактарды аныктоо маселелери талкууланды. Жумушчу топ Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Кочкор райондорунда болушту. Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча күн энергиясы, бажы инфратүзүмү, ургалдуу багбанчылык, муниципалдык инфратүзүм жана башка секторлорго инвестиция тартуу боюнча долбоорлордун тизмеги аныкталды. Белгилей кетсек ушул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы №75 “Кыргыз Республикасынын башкаруу системасын өркүндөтүү жана инвестициялык потенциалды жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.

Кыргызстан менен Пакистандын ишкерлери интеграциялык маселелерди талкуулашууда

Опубликовано: 16.03.2023 в 13:04

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн 2023-жылдын 16-мартында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргызстандагы USAID бизнес миссиясы менен биргеликте уюштурган соода-инвестициялык бизнес-форум өтүп жатат. Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Кыргыз Республикасы менен Пакистан Республикасынын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди чыңдоо үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Иш-чарага билим берүү, саламаттыкты сактоо, мейманкана бизнеси, архитектура жана курулуш, маалымат технологиялары, логистика жана эл аралык транспорт сыяктуу тармактардан 40тан ашык компаниялардын өкүлдөрү катышты. Бүгүнкү иш-чара ишкерлер үчүн кызматташууну активдештирүү жана ийгиликтүү жана жемиштүү B2B жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Форумдун жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу менен Пакистандан келген «Глобалдык бизнес альянс» уюмунун ортосунда «Пакистан-Кыргызстан» соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Түркия Республикасынын Чыгыш Анадолунун ишкерлери Кыргызстанга иш сапары менен келди

Опубликовано: 15.03.2023 в 14:01

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн, 2023-жылдын 15-мартында, Чыгыш Түркия Экспортчулар Ассоциациясы (DAİB – Догу Анадолу Экспортчулар Бирлиги) тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жардамы менен уюштурулган Түркия Республикасынын Чыгыш Анадолу аймагынын бизнес коомчулугу менен ата мекендик ишкерлердин бизнес жолугушуусу болуп өттү. Иш-чаранын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Темир Сариев сүйлөдү. Делегациянын курамында Түркиянын курулуш материалдарын, химиялык буюмдарды жана өнөр жай жабдууларын өндүрүү боюнча алдыңкы өндүрүүчүлөрү келди. Ошондой эле, кыргыз тараптан ири курулуш компаниялардын өкүлдөрү, чакан ГЭСтерди куруу жана өнөр жай өндүрүш тармагындагы компаниялардын өкүлдөрү катышты. Расмий бөлүк аяктагандан кийин, В2В форматында жолугушуулар болуп, анын жыйынтыгында Кыргызстан жана Түркиянын бизнес-өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдерге жана ишкердик келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.

Азербайжандык компаниялар Кыргыз Республикасы менен соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар

Опубликовано: 03.03.2023 в 10:33

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Азербайжан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттигининин башчысы У. Темиралиев  азербайжандык ишкерлер менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев чет элдик инвесторлор үчүн келечектүү багыттар, бизнести өнүктүрүүдө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана колдонулуп жаткан салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди. Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен кененирээк Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев тематикалык презентация өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө азербайжандык компаниялар Кыргыз Республикасы менен соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Бул багытта, “CTC Holding” компаниясы күндөн жана шамалдан электр энергиясын өндүрүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле, эмерек чыгаруучу ири компаниялардын бири “Greenwood” Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгууга жана эмерек өндүрүшүн ачуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экенин көрсөттү. Мындан тышкары, ири логистикалык компаниялардын бири “Kamran Habibov” компаниясы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы жана Нарын облусунун эркин экономикалык […]