Азербайжандык компаниялар Кыргыз Республикасы менен соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар

Азербайжан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттигининин башчысы У. Темиралиев  азербайжандык ишкерлер менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев чет элдик инвесторлор үчүн келечектүү багыттар, бизнести өнүктүрүүдө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана колдонулуп жаткан салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди.

Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен кененирээк Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев тематикалык презентация өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө азербайжандык компаниялар Кыргыз Республикасы менен соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Бул багытта, “CTC Holding” компаниясы күндөн жана шамалдан электр энергиясын өндүрүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле, эмерек чыгаруучу ири компаниялардын бири “Greenwood” Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгууга жана эмерек өндүрүшүн ачуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экенин көрсөттү.

Мындан тышкары, ири логистикалык компаниялардын бири “Kamran Habibov” компаниясы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы жана Нарын облусунун эркин экономикалык аймагы менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Жаңы технологияларды колдонуу менен күнөсканаларды курган “PHOENIX” компаниясы дагы кыргызстандык ишкерлер менен байланышты кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын атынан келген компанияларды инвестициялык потенциал менен кеңири таанышуу үчүн биздин республикага келип кетүүгө чакырды.

 КР Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынын кабарлары