Түркия Республикасынын Чыгыш Анадолунун ишкерлери Кыргызстанга иш сапары менен келди

Бүгүн, 2023-жылдын 15-мартында, Чыгыш Түркия Экспортчулар Ассоциациясы (DAİB – Догу Анадолу Экспортчулар Бирлиги) тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жардамы менен уюштурулган Түркия Республикасынын Чыгыш Анадолу аймагынын бизнес коомчулугу менен ата мекендик ишкерлердин бизнес жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Темир Сариев сүйлөдү.

Делегациянын курамында Түркиянын курулуш материалдарын, химиялык буюмдарды жана өнөр жай жабдууларын өндүрүү боюнча алдыңкы өндүрүүчүлөрү келди. Ошондой эле, кыргыз тараптан ири курулуш компаниялардын өкүлдөрү, чакан ГЭСтерди куруу жана өнөр жай өндүрүш тармагындагы компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Расмий бөлүк аяктагандан кийин, В2В форматында жолугушуулар болуп, анын жыйынтыгында Кыргызстан жана Түркиянын бизнес-өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдерге жана ишкердик келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.