Monthly Archives: April 2023

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкерлердин катышуусунда көчмө жыйын болуп өттү

Опубликовано: 25.04.2023 в 16:37

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 25-апрелинде Ош шаарында ЖИА Ассоциациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкерлердин катышуусунда көчмө жыйын болуп өттү. Ош облусунун айыл аймактарынын башчылары жана бизнес-коомчулуктар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтуулугун жогорулатуу максатында «Инвестициялык саясатты ишке ашыруу», «Инвесторлорду коргоо», ошондой эле Ош облусунда МЖӨ долбоорлору боюнча презентациялар өткөрүлдү. ЖӨБ органдарына жана ишкерлерге инвесторлор үчүн түзүлгөн преференциялар жана жеңилдиктер, инвесторлорду коргоо механизмдери, МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун тартиби, ошондой эле бизнес-пландарды даярдоо боюнча маалымат берилди. Иш-чаранын жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктырган суроолорго жооптор берилди. Иш-чара IFCнин колдоосу менен уюштурулган. Инвесторлорду коргоо механизмин ишке ашыруунун алкагында өткөн жылы жалпы республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик органдарга жана инвесторлорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча масштабдуу маалымат кампаниясы өткөрүлүп, ушул эле иш-чаралар учурда республиканын түштүгүндө да жүргүзүлүүдө, андан кийин Түндүк аймактарда өткөрүлөт. Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №32 […]

Опубликовано: 25.04.2023 в 15:28

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Пакистан жана Афганистан боюнча улук менеджери М. Вилль Дю баштаган делегацияны кабыл алды. Жыйында инвесторлордун укуктарын коргоо жана венчурдук капиталды тартуу механизмдерин ишке киргизүү, ошондой эле Инвестициялык кодексти иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Нурадил Баясов Улуттук агенттиктин ишмердүүлүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн IFCге ыраазычылык билдирди, ошондой эле бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Тактап айтканда, УИА механизмге ылайык инвесторлордон түшкөн 16 арызды карап, анын 40 пайызы ийгиликтүү чечилип, 80 миллион АКШ долларына жакын инвестицияны жана 300гө жакын жумуш ордун үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзгөнүнүн айтып берди. Мындан тышкары, Н.Баясов инвестицияларды тартуунун, илгерилетүүнүн жана коргоонун дагы деталдуу эрежелерин камтыган жаңы Инвестициялык кодексти иштеп чыгуу боюнча иштерге, ошондой эле венчурдук капиталдык тартууга укуктук негиз түзө турган атайын иштерге токтолду. «Менин оюмча, биздин биргелешкен ишибиз, […]

КЭРнын өнүктүрүү жана реформалоо боюнча мамлекеттик комитетинин чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана чет өлкөлүк инвестициялар боюнча департаментинин делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү

Опубликовано: 24.04.2023 в 14:32

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору У.Темиралиевдин КЭРнын өнүктүрүү жана реформалоо боюнча мамлекеттик комитетинин чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана чет өлкөлүк инвестициялар боюнча департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа башында турган делегация менен жолугушуусу болуп өттү. КЭРдан келген делегация менен жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жеңилдиктер жана ошондой эле жалпы Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат жөнүндө айтып берди. Улуттук агенттиктин директору У. Темиралиев эки тараптуу экономикалык байланыштарды бекемдөө максатында түзүлгөн кыргыз-кытай ишкердик кеңеши жөнүндө жобого кол коюлганын билдирди. Ошондой эле ал делегациянын бардык мүчөлөрүн Кыргыз Республикасында өтө турган “Ысык-Көл 2023” эл аралык экономикалык форумуна чакырды. Жыйынтыгында Чжан Цзяньхуа айым жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-кытай достук мамилесин өнүктүрүү ниетин билдирди. Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ар кандай чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр жана өз ара мамилелерин мындан ары бекемдөөгө ниеттенишүүдө.

директорунун орун басары Ж.М. Жээналиев Кытайдан келген делегация менен жолугушуусу болуп өттү

Опубликовано: 20.04.2023 в 09:12

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.М. Жээналиев СПСКнын (Синьцзян өндүрүштүк-курулуш корпусунун) Башкы катчысынын орун басары Мурал Абылмайжин мырза баштаган Кытайдан келген делегация менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Ж.М. Жээналиев Кыргыз Республикасынын артыкчылыктары жана преференциялары, жалпысынан Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты тууралуу айтып берди. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы кайра жаралуучу энергия тармагындагы кызматташуу болду. Ж.М. Жээналиев, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлор Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө чон салым кошоорун баса белгиледи. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын эң жакын коңшусу жана стратегиялык өнөктөшү болгон Кытай Эл Республикасы менен кызматташуунун абдан маанилүүлүгүн белгиледи. Директордун орун басары Ж.М. Жээналиев эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн кыргыз-кытай ишкерлер кеңеши жөнүндө жобого кол коюлганын билдирди. Ал ошондой эле делегациянын бардык мүчөлөрүн Кыргыз Республикасында өтө турган «Ысык-Көл-2023» эл аралык экономикалык форумуна чакырды. Соңунда Мурал Абылмайжин мырза жылуу кабыл алгандыгы үчүн […]