Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Пакистан жана Афганистан боюнча улук менеджери М. Вилль Дю баштаган делегацияны кабыл алды.

Жыйында инвесторлордун укуктарын коргоо жана венчурдук капиталды тартуу механизмдерин ишке киргизүү, ошондой эле Инвестициялык кодексти иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Нурадил Баясов Улуттук агенттиктин ишмердүүлүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн IFCге ыраазычылык билдирди, ошондой эле бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Тактап айтканда, УИА механизмге ылайык инвесторлордон түшкөн 16 арызды карап, анын 40 пайызы ийгиликтүү чечилип, 80 миллион АКШ долларына жакын инвестицияны жана 300гө жакын жумуш ордун үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзгөнүнүн айтып берди.

Мындан тышкары, Н.Баясов инвестицияларды тартуунун, илгерилетүүнүн жана коргоонун дагы деталдуу эрежелерин камтыган жаңы Инвестициялык кодексти иштеп чыгуу боюнча иштерге, ошондой эле венчурдук капиталдык тартууга укуктук негиз түзө турган атайын иштерге токтолду.

«Менин оюмча, биздин биргелешкен ишибиз, ошондой эле сиздердин колдооңуздар жана бул механизмдерди иштеп чыгуудагы эл аралык тажрыйба оң натыйжаларды бериши керек. Жакынкы арада жумушчу топ иштеп жаткан мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жетиштүүбү же жаңы норманы иштеп чыгуу зарылбы деген маселени чечиши керек”, – деп белгиледи Н.Баясов.

IFC өкүлдөрү бүгүнкү күндө оң натыйжаларга жетишилгенин белгилешти. «Биздин негизги милдетибиз – инвесторлордун укуктарын коргоонун эң эффективдүү жолун табуу, эл аралык инвесторлор үчүн алардын укуктары объективдүү корголо турганы түшүнүктүү, ачык жана жеткиликтүү болушу үчүн», – деди Виль Дю.

Жолугушуунун соңунда тараптар жагымдуу инвестициялык климаттын фундаменталдык негизи катары инвесторлорду коргоо механизмин киргизүү жана инвестициялар боюнча мыйзам актыларын өркүндөтүү боюнча мындан аркы биргелешкен ишке даяр экендиктерин билдиришти.