Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкерлердин катышуусунда көчмө жыйын болуп өттү

2023-жылдын 25-апрелинде Ош шаарында ЖИА Ассоциациясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкерлердин катышуусунда көчмө жыйын болуп өттү.

Ош облусунун айыл аймактарынын башчылары жана бизнес-коомчулуктар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтуулугун жогорулатуу максатында «Инвестициялык саясатты ишке ашыруу», «Инвесторлорду коргоо», ошондой эле Ош облусунда МЖӨ долбоорлору боюнча презентациялар өткөрүлдү. ЖӨБ органдарына жана ишкерлерге инвесторлор үчүн түзүлгөн преференциялар жана жеңилдиктер, инвесторлорду коргоо механизмдери, МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун тартиби, ошондой эле бизнес-пландарды даярдоо боюнча маалымат берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктырган суроолорго жооптор берилди. Иш-чара IFCнин колдоосу менен уюштурулган. Инвесторлорду коргоо механизмин ишке ашыруунун алкагында өткөн жылы жалпы республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик органдарга жана инвесторлорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча масштабдуу маалымат кампаниясы өткөрүлүп, ушул эле иш-чаралар учурда республиканын түштүгүндө да жүргүзүлүүдө, андан кийин Түндүк аймактарда өткөрүлөт.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №32 токтому менен «Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды колдоо тартиби» бекитилген. Бул Тартип мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте инвесторлорго жардам көрсөтүүгө багытталган. Бул механизмдин маанилүү милдеттеринин бири инвесторлор менен даттануулардын субъекттеринин ортосундагы пикир келишпестиктерди соттук териштирүүгө же арбитражга чейин минималдаштыруу жана алдын алуу болуп саналат.