Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

2023-жылдын 4-майында Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча кеңештин биринчи отуруму болуп өттү.

Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жээналиев Ж.М. Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана Улуттук агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасады.

Өз сөзүнүн жүрүшүндө Жээналиев Ж.М. Баткен облусунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор тууралуу жолугушуунун катышуучуларына маалымат берип, аймактагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган конкреттүү демилгелерди сунуштады.