ИУА Кыргызстан менен Монголиянын бизнес-ассоциацияларынын ортосунда соода байланыштарын жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр

Бүгүн, 23-майда, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев Монголиядан келген делегация менен жолугушту.

Монгол банк ассоциациясынын жана продукцияны экспорттоо жана импорттоо менен алектенген ири холдингдердин өкүлдөрүнө Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин иши жөнүндө маалымат берилди.

Коноктор Кыргызстандагы инвестициялык климат, мамлекеттин инвесторлорго көмөк көрсөтүүсү жана колдоосу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү тууралуу маалымат алышты.

Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын бизнес-ассоциацияларынын ортосунда соода алакаларын жөнгө салуу үчүн байланышуу даректери менен алмашты.

Өз кезегинде Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кыргыз продукциясын Монголиянын рыногуна чыгарууга көмөк көрсөтүүгө даяр.