Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлеринин соода-экономикалык кызматташтыгы илгерилөөдө

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаровдун Кытай Эл Республикасына жасаган алгачкы мамлекеттик сапарынан кийин эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык илгерилөөдө.

2023-жылдын 23-майында Үрүмчү шаарында (КЭР) элчиликтин жана КЭР СУАР эл аралык  соодага көмөктөшүү комитетинин колдоосу менен Улуттук агенттик уюштурган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаевдин Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун жана Кыргызстандын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуусу болуп өттү.

Б.Төрөбаев өз куттуктоо сөзүндө бул иш-чаранын эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки мамлекеттин бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Панелдик сессияга билим берүү, саламаттыкты сактоо, мейманкана бизнеси, архитектура жана курулуш, маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуулар, айыл чарба, энергетика, электрондук коммерция жана финансы сектору сыяктуу тармактардан Кыргызстандын 20дан ашык компаниясынын жана Кытайдын 80 компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ишкердик программасы маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде бизнес кооперациясынын келечегин, экспортту илгерилетүү, региондук интеграция жана экономикалык өнүгүү маселелерин камтыды.

Ошентип Кытай Эл Республикасынын Синьцзян -Уйгур автономиялык районунун коммерция башкармалыгынын башчысы Кыргызстандын КЭР СУАРГА чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча презентациясын сунуштады. Ал КЭР СУАР менен Кыргыз Республикасынын ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарындагы кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Панелдик сессия ишкерлер үчүн кызматташтыкты активдештирүүгө жана ийгиликтүү жана натыйжалуу В2В жолугушууларын өткөрүүгө мүмкүндүк берди.