КЭРнын өнүктүрүү жана реформалоо боюнча мамлекеттик комитетинин чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана чет өлкөлүк инвестициялар боюнча департаментинин делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору У.Темиралиевдин КЭРнын өнүктүрүү жана реформалоо боюнча мамлекеттик комитетинин чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана чет өлкөлүк инвестициялар боюнча департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа башында турган делегация менен жолугушуусу болуп өттү.

КЭРдан келген делегация менен жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жеңилдиктер жана ошондой эле жалпы Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат жөнүндө айтып берди.

Улуттук агенттиктин директору У. Темиралиев эки тараптуу экономикалык байланыштарды бекемдөө максатында түзүлгөн кыргыз-кытай ишкердик кеңеши жөнүндө жобого кол коюлганын билдирди. Ошондой эле ал делегациянын бардык мүчөлөрүн Кыргыз Республикасында өтө турган “Ысык-Көл 2023” эл аралык экономикалык форумуна чакырды.

Жыйынтыгында Чжан Цзяньхуа айым жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-кытай достук мамилесин өнүктүрүү ниетин билдирди.

Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ар кандай чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр жана өз ара мамилелерин мындан ары бекемдөөгө ниеттенишүүдө.