директорунун орун басары Ж.М. Жээналиев Кытайдан келген делегация менен жолугушуусу болуп өттү

2023-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.М. Жээналиев СПСКнын (Синьцзян өндүрүштүк-курулуш корпусунун) Башкы катчысынын орун басары Мурал Абылмайжин мырза баштаган Кытайдан келген делегация менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Ж.М. Жээналиев Кыргыз Республикасынын артыкчылыктары жана преференциялары, жалпысынан Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты тууралуу айтып берди. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы кайра жаралуучу энергия тармагындагы кызматташуу болду. Ж.М. Жээналиев, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлор Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө чон салым кошоорун баса белгиледи. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын эң жакын коңшусу жана стратегиялык өнөктөшү болгон Кытай Эл Республикасы менен кызматташуунун абдан маанилүүлүгүн белгиледи.

Директордун орун басары Ж.М. Жээналиев эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн кыргыз-кытай ишкерлер кеңеши жөнүндө жобого кол коюлганын билдирди. Ал ошондой эле делегациянын бардык мүчөлөрүн Кыргыз Республикасында өтө турган «Ысык-Көл-2023» эл аралык экономикалык форумуна чакырды. Соңунда Мурал Абылмайжин мырза жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын жана кыргыз-кытай достук мамилелерин өнүктүрүү ниетин билдирди. Ошону менен бирге, директордун орун басары Ж.М. Жээналиевди СПСК (Синьцзян өндүрүштүк-курулуш корпусу) жана ушул жылдын 21-25-июнунда Кытай Эл Республикасында өтө турган эл аралык көргөзмөсүнө чакырды. Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ар түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даяр жана мындан ары да өз ара мамилелерди бекемдөөгө умтулат.