Monthly Archives: January 2023

GLOBAL G.A.P. эл аралык сертификациялоо жолунда

Опубликовано: 30.01.2023 в 14:11

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 27-январында Кельн шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиевдин GLOBAL GAP компаниясынын башкы директору Кристиан Мюллер менен жолугушуусу болду. Талкуунун негизги маселеси ата мекендик продукцияны сертификациялоону жана анын эл аралык рынокторго тоскоолдуксуз чыгышын камсыз кылуу үчүн GLOBAL G.A.P. компаниясы менен түз байланышты жөнгө салуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Т. Темиралиев ата мекендик органикалык продукциянын экспортун илгерилетүү жаатында мамлекеттик жана жеке секторлордун жүргүзүп жаткан иштеринин учурдагы статусу жана аны өстүрүүдөгү зор дарамети боюнча маалымат берди. Өз кезегинде Мюллер Мырза GLOBAL G.A.P. сертификаттоо системасы коопсуз жана экологиялык таза тамак-аш өндүрүшүнүн стандарты экендигин белгиледи. Бул тамак-аш өнөр жайындагы эл аралык өнөктөштүк аркылуу кызматташууну жеңилдетет. Мындан тышкары GLOBAL G.A.P. стандарттары натыйжалуу өндүрүшкө багытталган. Борбор Азия регионунун ичинен компания Өзбекстан менен активдүү кызматташууда, мында 238 өндүрүүчүнүн колунда GLOBAL G.A.P. сертификаты бар жана алар өз продукциясын тышкы рынокко активдүү экспорттоодо. Жолугушуунун жыйынтыгы […]

ГФРнын (DEG)инвестициялык корпорациясы менен кызматташтыкты өнүктүрүү

Опубликовано: 30.01.2023 в 12:06

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиев Германиянын (DEG) инвестициялык корпорациясынын штаб-квартирасында DEG коорпорациясынын башкы директору Роланд Зиллер мырза менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле DEGдин инфратүзүм жана энергетика боюнча улук директору Туран Чаглайан Мырза, каржы институттары менен иштөө боюнча директору Сюзан Декер айым жана туруктуу өнөр жай жана кызмат көрсөтүү боюнча директору Франциска Холман айым катышты. Жолугушуунун максаты узак мөөнөттүү долбоорлорду каржылоо түрүндө Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунда активдүү катышуусун камсыз кылуу үчүн ири европалык финансылык институту менен кызматташууну жөнгө салуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев учурдагы инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар жана энергетика, агроөнөр жай комплекси жана инфратүзүм чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу долбоорлор жөнүндө  маалымат берди, алардын шарттарында мамлекет инвесторлордун жана ишкерлердин иши үчүн зарыл болгон спектрдеги шарттарды камсыз кылат. Ошондой эле У.Т. Темиралиев инвестициялык корпорацияны европалык өнөктөштөр менен иштөөгө кызыктырган бир катар инвестициялык жана финансылык […]

Кыргыз Республикасы курулуш материалдарын ири өндүрүүчүлөрү менен кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Опубликовано: 27.01.2023 в 17:06

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У. Темиралиевдин дүйнөгө таанымал “Knauf”компаниясынын катышуучуларынын башкаруучуларынын алдындагы КМШ боюнча ыйгарым укуктуу Блумгардт мырза менен жолугушуусу 2023-жылдын 26-январында Бавария Федералдык жеринин Ипхофен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиевдин дүйнөгө белгилүү “Knauf ” компаниясынын катышуучуларынын башкаруучуларынын алдындагы КМШ боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Блумгардт мырза менен жолугушту. Жолугушуунун максаты биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулоо болду. Жолугушуунун жүрүшүндө У.Т. Темиралиев Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу өнүгүүсү жана өндүрүүчүлөрдүн жана инвесторлордун ишин жакшыртууга өбөлгө түзгөн инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымдады. “Knauf” заводун куруу боюнча долбоорду ишке киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасы менен ишти активдештирүүнү сунуштады. “Knauf” компаниясы 2022-жылы түзүлгөн Кыргыз-герман ишкер кеңешинин мүчөлөрүнүн бири болуп саналарын белгилей кетсек. Буга байланыштуу Блумгардт Мырза ишкер кеңешти түзүү эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан […]

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору У.Темиралиевдин Мюнхен шаарында, Бавария Федералдык жеринин административдик борборундагы жолугушуулары

Опубликовано: 27.01.2023 в 11:19

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 25-январында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев Мюнхен шаарынын жана Жогорку Бавариянын Соода-өнөр жай палатасынын аткаруучу директору Кристоф Ангебауэр, Бавариянын Азык-түлүк, айыл жана токой чарба мамлекеттик министрлигинин департаментинин директору Мартин Шюсслер жана Бавариянын Экономика, жерди өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин интернационалдаштыруу, жайгашуу саясаты жана инвестициялар департаментинин директору др. Маркус Виттманн менен жолугушту. Германия компанияларынын кыргыз адистеринин квалификациясын жогорулатууга жана адистештирилген окутуу программаларына катышуу жолу менен жумуш орундарын андан ары берүүгө кызыкдарлыгы, ата мекендик органикалык айыл чарба продукциясын (мөмө-жемиштер, кургатылган жемиштер, топоздун эти) Европа Биримдигине, анын ичинде Германия Федеративдүү Республикасына экспорттоо маселесин жөнгө салуу, айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген тарифтерди берүү менен ГФРнын белгилүү заводдорунда запастык бөлүктөрдү жана себилдегичтерди өндүрүүнү Кыргыз Республикасында локалдаштыруу мүмкүнчүлүгү, Кыргыз-герман ишкер кеңешинин 2023-жылдын апрелинде Мюнхен шаарында экинчи отурумун өткөрүү жана Бавариянын Экономика, жер өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин […]

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин иш сапарынын алкагында Бишкекте Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форуму өтүп жатат

Опубликовано: 26.01.2023 в 16:47

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Форумдун ишкердик программасы маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, ишкерлер пленардык талкууларда экономикалык кызматташтыктын келечегин, ишкерлердин башка тобу бизнес кооперация жана экспорт маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары ишкерлерге В2В жолугушууларын өткөрүү, өз тармагында байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин отурумун өткөрүү мүмкүнчүлүгү берилет. Ошондой эле бизнес-форумдун алкагында Баткен жана Фергана облустарынын, Жалал-Абад менен Наманган, Ош жана Анжиян облустарынын ортосунда соода-экономикалык, өнөр жай, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында кызматташуу боюнча жол карталары макулдашылды. Талкуу учурунда эки мамлекет үчүн биргелешкен стратегиялык долбоорлордун маанилүүлүгү, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” трансулуттук темир жолун куруу, ошондой эле Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу, мындан тышкары экономиканын ар кандай секторлорундагы чарбакер субъекттерге зайымдарды берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда өзүн-өзү актоочу долбоорлорду каржылоону ишке ашыруучу Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун иши белгиленди. Ошондой эле бизнес-форумдун алкагында Баткен жана Фергана облустарынын, Жалал-Абад менен Наманган, Ош жана Анжиян облустарынын ортосунда соода-экономикалык, өнөр жай, маданий-гуманитардык жана туризм […]

Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форумунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Опубликовано: 26.01.2023 в 16:38

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик иш сапарынын алкагында Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин катышуусунда бизнес форум өтүп жатат. Өткөн бизнес форумдун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду, анын ичинде жеңил өнөр жай тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишим, өзүнчө “Жол картасы”, жалпысынан 168 миллион доллардан ашык суммасында айыл чарба чөйрөсүндөгү бир катар меморандумдар жана келишимдер түзүлдү. Алардын эң ирилери:• Агроөнөр жай комплекси чөйрөсундөгү кызматташуу боюнча “Жол картасы”. •Кыргыз Республикасында электр энергиясын эсептөө шаймандарын чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум; • Терини өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, ошондой эле Нарын облусунда картөшкө өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум; • Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу; • токума кездеме өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум, •Кыргыз Республикасында кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексти куруу боюнча инвестициялык долбоордун алкагында биргелешкен […]

Кыргызстан менен Өзбекстандын бизнес коомчулугу чогулушту

Опубликовано: 26.01.2023 в 16:28

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Бүгүн “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форуму башталды. Ага эки өлкөнүн 400дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышууда. Ачылышка Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Үсөнбекович Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Сардор Укамович катышты. Ачылышта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн ушул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи. Форумга туризм, курулуш, фармацевтика, өнөр жай, кызмат көрсөтүү, айыл чарба, агроөнөр жай комплекси, жеңил өнөр жай жана башка чөйрөлөрдөгү ишкерлер катышууда. Форумдун ишкердик программасында маселелердин кеңири чөйрөсү камтылган, ишкерлер экономикалык кызматташтыктын келечегин, бизнес кооперациясын, экспорт маселелерин, аймактык интеграцияны жана экономикалык өнүгүүнү талкуулашат. Ишкерлер пункттук байланыштарды түзүү үчүн B2B жолугушууларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, ошондой эле кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин отуруму өткөрүлөт. Бизнес-форумдун алкагында 20дан ашык кыргызстандык өндүрүүчүлөр сүт, бал, консерва азыктары, кол өнөрчүлүк, ошондой эле улуттук суусундуктардын көргөзмөсү болот.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У. Темиралиевдин Саксония федералдык жеринин борбору Дрезден шаарына визити

Опубликовано: 25.01.2023 в 17:05

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 24-январында Дрезден шаарында маалыматтык технологиялар жана консалтинг чөйрөсүндө адистештирилген, учурда автономдуу кыймыл жана учкучсуз системалар жаатындагы долбоорлордун үстүндө иштеп жаткан Германиянын “Staff-Eye Group” компаниясынын негиздөөчүсү Александр Коваленко мырза менен жемиштүү жолугушуу болуп өттү.Жолугушуунун жүрүшүндө шиналарды кайра иштетүү жана медициналык калдыктарды керекке жаратуу боюнча долбоорлор, КР аймагында аккредиттелген лабораторияны түзүү, ГФР рыногуна ата мекендик айыл чарба продукциясын экспорттонун келечеги, ошондой эле студенттерди Саксония федералдык жеринин тармактык компанияларында окутуу сыяктуу кызматташуунун ар кандай өңүтү талкууланды.Белгилей кетсек “Staff-Eye Group” 2022-жылы КР аймагында программалык камсыздоону иштеп чыгуу чөйрөсүндө “Entwicklerburg” ЖЧК өкүлчүлүгүн ачкан. Ушул иштин алкагында компания автономдуу айдоо боюнча механизмди иштеп чыгуу максатында Бишкектин картасын санариптештирген. Ошону менен бирге компания потенциалдуу кызматкерлердин көндүмдөрүн жогорулатуу максатында саксон компанияларында алты түрдүү адистик боюнча студенттердин такшалуудан өтүү маселесинде КР жергиликтүү университеттери менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирүүдө.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын шиналар рыногун изилдөө жана медициналык калдыктарды […]

Визит Директора Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики У.Темиралиева в город Дрезден, столицу федеральной земли Саксония

Опубликовано: 25.01.2023 в 17:03

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

24 января 2023 года в городе Дрезден состоялась продуктивная встреча с учредителем германской компании «Staff-Eye Group» г-ном Александром Коваленко, которая специализируется в сфере информационных технологий и консалтинга, в настоящее время работающей над проектами в области автономного движения и беспилотных систем. В ходе встречи были обсуждены различные аспекты возможного сотрудничества, включая проекты по переработке шин и утилизации медицинских отходов, создания аккредитованной лаборатории на территории КР, перспективы экспорта отечественной сельскохозяйственной продукции на рынок ФРГ, а также обучение студентов в отраслевых компаниях федеральной земли Саксония. Необходимо отметить, что «Staff-Eye Group» в 2022 году уже открыла представительство на территории КР ОсОО «Entwicklerburg» в сфере разработки программного обеспечения. В рамках данной деятельности компания уже оцифровала карту Бишкека в целях выработки механизма по автономному вождению. Вместе с тем, компания выражает заинтересованность в сотрудничестве с местными университетами КР в вопросе прохождения студентами стажировок по шести различным специализациям […]

На пути к наращиванию делового взаимодействия между Кыргызской Республикой и Федеративной Республики Германия

Опубликовано: 24.01.2023 в 10:58

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Состоялись встречи Директора Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики У.Т.Темиралиева с Исполнительным директором Восточного комитета германской экономики г-ном М. Хармсоми представителями германского бизнес-сообщества. В рамках рабочего визита Директора Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Темиралиева У.Т. в Федеративную Республику Германия, 23 января 2023 года в городе Берлин состоялись встречи с Исполнительным директором Восточного комитета германской экономики г-ном Михаэль Хармсом и представителями бизнес-сообщества в лице представителей компаний CLAAS, Deutsche Bahn, Berlin Economics, Messe Berlin, Agribusiness Alliance и Malcon Investments & Projects в офисе Восточного комитета германской экономики в г. Берлин.В своем приветственном выступлении г-н Михаэль Хармс отметил большим достижением создание в 2022 году Кыргызско-Германского Делового совета, который выступает своевременным шагом по расширению двустороннего экономического сотрудничества.В свою очередь, Темиралиев У.Т. представил германской стороне инвестиционный потенциал Кыргызской Республики с презентацией проектов в сферах энергетики, сельского хозяйства, туризма, IT индустрии, […]