Кыргыз Республикасы курулуш материалдарын ири өндүрүүчүлөрү менен кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У. Темиралиевдин дүйнөгө таанымал “Knauf”компаниясынын катышуучуларынын башкаруучуларынын алдындагы КМШ боюнча ыйгарым укуктуу Блумгардт мырза менен жолугушуусу

2023-жылдын 26-январында Бавария Федералдык жеринин Ипхофен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиевдин дүйнөгө белгилүү “Knauf ” компаниясынын катышуучуларынын башкаруучуларынын алдындагы КМШ боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Блумгардт мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө У.Т. Темиралиев Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу өнүгүүсү жана өндүрүүчүлөрдүн жана инвесторлордун ишин жакшыртууга өбөлгө түзгөн инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымдады. “Knauf” заводун куруу боюнча долбоорду ишке киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасы менен ишти активдештирүүнү сунуштады.

“Knauf” компаниясы 2022-жылы түзүлгөн Кыргыз-герман ишкер кеңешинин мүчөлөрүнүн бири болуп саналарын белгилей кетсек.

Буга байланыштуу Блумгардт Мырза ишкер кеңешти түзүү эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары активдештирүүгө багытталган өз убагында жасалган кадам болуп саналат деген пикирин билдирди. Ишкер кеңештин алкагында жана кыргыз өнөктөштөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасында Германиянын бизнесинин катышуусун кеңейтүү үчүн маанилүү болгон бардык маселелер чечилерине ишеним билдирди                     

Жолугушуунун жыйынтыгында Блумгардт мырза “Knauf” компаниясынын эл аралык тажрыйбасында кабыл алынган бөтөнчө модулдук технология боюнча Кыргыз Республикасында гипс өндүрүү боюнча завод курууга кызыкдарлыгын, бул өндүрүш циклинин бардык этаптарына, өндүрүш маданиятына жана экологиялык коопсуздукка тиешелүү экендигин билдирди.