ГФРнын (DEG)инвестициялык корпорациясы менен кызматташтыкты өнүктүрүү

2023-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиев Германиянын (DEG) инвестициялык корпорациясынын штаб-квартирасында DEG коорпорациясынын башкы директору Роланд Зиллер мырза менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле DEGдин инфратүзүм жана энергетика боюнча улук директору Туран Чаглайан Мырза, каржы институттары менен иштөө боюнча директору Сюзан Декер айым жана туруктуу өнөр жай жана кызмат көрсөтүү боюнча директору Франциска Холман айым катышты.

Жолугушуунун максаты узак мөөнөттүү долбоорлорду каржылоо түрүндө Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунда активдүү катышуусун камсыз кылуу үчүн ири европалык финансылык институту менен кызматташууну жөнгө салуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев учурдагы инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар жана энергетика, агроөнөр жай комплекси жана инфратүзүм чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу долбоорлор жөнүндө  маалымат берди, алардын шарттарында мамлекет инвесторлордун жана ишкерлердин иши үчүн зарыл болгон спектрдеги шарттарды камсыз кылат.

Ошондой эле У.Т. Темиралиев инвестициялык корпорацияны европалык өнөктөштөр менен иштөөгө кызыктырган бир катар инвестициялык жана финансылык продукттарды сунуштады.

Ошону менен бирге Жашыл энергетика “амортизациялык” фонддун каржылоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында жашыл генерациялоочу кубаттуулуктардын эсебинен CO2 квота алмашуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

Зиллер мырза өз сөзүндө Кыргыз Республикасы менен DEG коорпорациясынын кызматташуусу бир гана долбоорду ишке ашыруунун, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын бири жана анын ири акционери үчүн кредиттик линияны ачуунун алкагында өткөндүгүн белгиледи. Ошону менен бирге DEG коорпорациясы ушул банк менен кызматташууну улантууга ниеттенүүдө.

Ошону менен бирге KFW тобокелдиктерди ички баалоого ээ жана алар мындан аркы дараметтүү кызматташуунун өңүтүн иштеп чыгуу үчүн макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен дыкат таанышып чыгышы керек.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Германия инвестициялык корпорациясынын жетекчилиги менен түз байланыш түзүлдү жана орто мөөнөттүү келечекте тараптар Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өсүшү үчүн негизди түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Маалымат үчүн: DEG 1962-жылы түзүлгөн  жана эл аралык өнүктүрүү маселелерине адистешкен өкмөттүк финансылык-консультациялык компания болуп саналган KFW банктык тобуна кирет. Уюмдун максаты жеке секторду колдоо аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жана өткөөл экономикалуу өлкөлөрдүн өсүшүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.