Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору У.Темиралиевдин Мюнхен шаарында, Бавария Федералдык жеринин административдик борборундагы жолугушуулары

2023-жылдын 25-январында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев Мюнхен шаарынын жана Жогорку Бавариянын Соода-өнөр жай палатасынын аткаруучу директору Кристоф Ангебауэр, Бавариянын Азык-түлүк, айыл жана токой чарба мамлекеттик министрлигинин департаментинин директору Мартин Шюсслер жана Бавариянын Экономика, жерди өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин интернационалдаштыруу, жайгашуу саясаты жана инвестициялар департаментинин директору др. Маркус Виттманн менен жолугушту.

Германия компанияларынын кыргыз адистеринин квалификациясын жогорулатууга жана адистештирилген окутуу программаларына катышуу жолу менен жумуш орундарын андан ары берүүгө кызыкдарлыгы, ата мекендик органикалык айыл чарба продукциясын (мөмө-жемиштер, кургатылган жемиштер, топоздун эти) Европа Биримдигине, анын ичинде Германия Федеративдүү Республикасына экспорттоо маселесин жөнгө салуу, айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген тарифтерди берүү менен ГФРнын белгилүү заводдорунда запастык бөлүктөрдү жана себилдегичтерди өндүрүүнү Кыргыз Республикасында локалдаштыруу мүмкүнчүлүгү, Кыргыз-герман ишкер кеңешинин 2023-жылдын апрелинде Мюнхен шаарында экинчи отурумун өткөрүү жана Бавариянын Экономика, жер өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин Статс-катчысы Роланд Вайгерт мырзанын 2023-жылдын июлунда бавариялык ишкерлер менен биргеликте Кыргыз Республикасына сапары Кыргыз Республикасы менен Бавария Федералдык жергесинин ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу багыттары талкуунун негизги маселелери болду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана Бавария Федералдык жергеси менен ар кандай багыттар боюнча узак мөөнөттүү кызматташуу стратегиясын иштеп чыгуу зарыл деген жалпы түшүнүккө келишти. Ошондой эле 5 (беш) ишкерди Бавариянын тармактык компанияларында немис тилин милдеттүү билүү менен органикалык айыл чарбасынын толук циклине окутуу үчүн жиберүү жана үстүбүздөгү жылы пландаштырылган иш-чараларды даярдоо боюнча биргелешкен ишти баштоо маселесин иштеп чыгуу боюнча макулдашылды.

Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингиядагы ардактуу консулу Рейнхольд Крэммель мырзага Мюнхен шаарындагы жолугушууларда коштоп жүргөнү жана эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирет.