Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин иш сапарынын алкагында Бишкекте Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форуму өтүп жатат

Форумдун ишкердик программасы маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, ишкерлер пленардык талкууларда экономикалык кызматташтыктын келечегин, ишкерлердин башка тобу бизнес кооперация жана экспорт маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары ишкерлерге В2В жолугушууларын өткөрүү, өз тармагында байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин отурумун өткөрүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Ошондой эле бизнес-форумдун алкагында Баткен жана Фергана облустарынын, Жалал-Абад менен Наманган, Ош жана Анжиян облустарынын ортосунда соода-экономикалык, өнөр жай, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында кызматташуу боюнча жол карталары макулдашылды.

Талкуу учурунда эки мамлекет үчүн биргелешкен стратегиялык долбоорлордун маанилүүлүгү, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” трансулуттук темир жолун куруу, ошондой эле Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу, мындан тышкары экономиканын ар кандай секторлорундагы чарбакер субъекттерге зайымдарды берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда өзүн-өзү актоочу долбоорлорду каржылоону ишке ашыруучу Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун иши белгиленди.

Ошондой эле бизнес-форумдун алкагында Баткен жана Фергана облустарынын, Жалал-Абад менен Наманган, Ош жана Анжиян облустарынын ортосунда соода-экономикалык, өнөр жай, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында кызматташуу боюнча жол карталары макулдашылды.

Жыйынтыгында катышуучулар мындан аркы тыгыз кызматташуу жана эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн өз ара байланыш малыматтар менен алмашышты.