Tamil Nadu Global Investors Meet 2024тө өнөр жайды өнүктүрүү жана инновация үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачыңыз!

Урматтуу бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү!

КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 7-9-январында Тамилнад штатынын өкмөтү Ченнаи шаарынын Ченнаи соода борборунда Tamil Nadu Global Investors Meet 2024 (TNGIM-2024) уюштуруларын билдирет.

“TNGIM-2024” иш-чарасы ар түрдүү тармактардагы алдыңкы өндүрүүчүлөр-экспортчуларды чогултуу менен бирге, өнөр жайды өнүктүрүү жана инновация үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат.

Индия тарап тамак-аш жана айыл чарба өнөр жайы, булгаары жана булгаары эмес бут кийим, текстиль, кийим-кече, тиричилик буюмдары, анын ичинде техникалык текстиль жана жасалма була, автоунаалар, автокомпоненттер жана электромобилдер үчүн тетиктер (моторлор), электроника, анын ичинде медициналык технологиялар жана жабдуулар тармагында иш алып барган ишкерлер менен байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

Эскерте кетсек аталган иш-чарага бир компаниядан бир гана киши катыша алат. Индия тарап катышуучулардын  эки тараптуу учак билетин (эконом-класс 650 АКШ долларына чейин), 2 түн мейманканада жайгаштыруу жана аэропорт-отель-аэропорт трансферин камсыз кылат.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн арызды https://web.surveyhero.com/s/TNGIM шилтемеси аркылуу толтуруу керек. Арыздар атайын комиссия тарабынан каралып, анын жыйынтыгы 2023-жылдын декабрынын биринчи жумасында тандалган делегаттарга билдирилет. Иш-чара тууралуу кошумча маалыматты https://tngim2024.com/ шилтемеси аркылуу алууга болот.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн арыздарды толтургандан кийин 0 772 710 – 333 номуру аркылуу жумушчу тартипте Улуттук агентикке билдирип коюуну суранабыз.

Маалымат үчүн: TNGIM-2024 эл аралык сатып алуучуларды жана инвесторлорду тарта турган флагмандык окуя. 2022-2023- жылдары Тамилнаддын экспорту болжол менен 40 миллиард АКШ долларын түзөт деп күтүлүүдө, бул адатта Индиянын жалпы экспортунун 9,02% түзөт.

FIEO (Federation of Indian Export Organisations) 1965-жылы Соода министрлиги тарабынан түзүлгөн Индиянын сооданы колдоо боюнча жогорку органы болуп саналат. Индиянын эл аралык соодасын илгерилетүү максатында, FIEO Индияда жана дүйнө жүзү боюнча ар кандай мега соода акцияларын жана ишчараларды уюштурат.