Monthly Archives: August 2023

Улуттук агенттик кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайт

Опубликовано: 31.08.2023 в 10:44

Автор:

Категории: Без категории,Жаңылыктар жана окуялалар

Урматтуу мекендештер, кесиптештер, өнөктөштөр жана достор! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыккүнү менен куттуктайм! Бул маанилүү күнү биз өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү этап болгон жана анын өнүгүүсү үчүн жаңы горизонтторду ачкан Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларациянын кабыл алынышынын 32 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул жылдар аралыгында биз экономикабызды чыңдоо, жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана коомдук инфраструктураны жакшыртуу үчүн көп баскычтардан өттүк. Инвестициялар улуттук экономиканын өсүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп калгандыгы кубандырат. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик акыркы жылдары экономиканын реалдуу секторлоруна инвестицияларды тартуунун үстүндө талыкпай эмгектенип келет. Бардык өнөктөштөрүбүзгө, инвесторлорубузга алардын ишеними жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз Кыргыз Республикасына туруктуу инвестиция салууга кызыккандар үчүн бирдиктүү терезе катары кызмат кылууга дайым даярбыз. Бул майрам күнү баарыңыздарга ачык асман, тынчтык, бакубатчылык каалайбыз. Өлкөбүз экономикалык жактан өнүп, гүлдөп өсө берсин! […]

2023 – кыргыз-фин бизнес форуму: Жаңы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу, пайдаланылбаган потенциалды изилдөө

Опубликовано: 28.08.2023 в 17:39

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 28-августунда Бишкекте 2023 – кыргыз-фин бизнес-форуму болуп өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, БУУӨПтүн Финляндия Өкмөтү каржылаган “Соодага көмөктөшүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурду. Иш-чара кыргыз-фин бизнесинин ортосунда байланыш түзүү, энергетика, айыл чарба, курулуш, IT-технологиялар жана жашыл экономика сыяктуу тармактарда кызматташууну жайылтууга багытталды. Анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Финляндиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист, ЕСтин КРдагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йозефсон, БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал сөз сүйлөштү. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы өнөктөштүк мамилелерди жөнгө салууну, инновациялык идеялар менен алмашууну жана пайдаланылбаган потенциалды изилдөөнү символдоштурган форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, “2022-жылы Кыргызстандын Финляндияга экспорту 112 миң долларды, импорту 3,5 млн долларды түздү. Кыргыз Республикасында ар тараптуу чет элдик инвесторлор өз ишин жүзөгө ашырышат. Андыктан, Кыргызстан жаңы ишкерлерди кабыл алууга ар дайым даяр. Биз чет […]

Үрүмчүдөгү бизнес форумда Кыргызстан менен Кытай 1 млрд долларды түзгөн 29 келишимге кол койду

Опубликовано: 19.08.2023 в 16:39

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиги 2023-жылдын 19-августунда, Үрүмчү шаарында “Кытай-Евразия” ЭКСПО алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунун ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча бизнес-форум уюштурду. Бул иш-чарага Кыргызстан менен Кытайдын бизнес-коомчулугунун 200дөн ашык ишкерлери катышты. Анда эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бизнес-форумда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров жана парткомдун катчысы, СУАРдын Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй мырза сөз сүйлөштү. Ошондой эле, экономика, энергетика министрлери, Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору презентация жасашты. Улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев “Биздин өлкөдө инвестициялык ишмердүүлүк жүргүзгөн инвесторлор 3 жылга чейинки мөөнөткө 10 млн. сом инвестиция босогосу менен инвестициялык виза алууга укуктуу. Бизнес-секторду стимулдаштыруу жана колдоо үчүн салык чөйрөсүндө либералдуу реформалар жүргүзүлүп, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн колдонуудагы жеңилдиктер сакталды. Ошондой эле лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо – көзөмөлдөө чөйрөлөрүн реформалоо боюнча иштер жүргүзүлдү”, – деп белгиледи. […]

Улуттук агенттик жана “Alibaba Group” атамекендик продукцияны КЭР рыногуна чыгаруу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Опубликовано: 14.08.2023 в 13:47

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

2023-жылдын 14-августунда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиев Alibaba Group өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар атамекендик экспортерлорду B2B маркетплейс шапка жайгаштыруу боюнча маселелерди талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө ИУА директору кызматташуу багыттары жана КЭРден КРга инвестициялар бөлүгүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле, жалпы өлкөбүздүн инвестициялык климаты, жеңилдиктер жана преференциялар жөнүндө айтып берип, Кыргызстанда бонд кампаларын курууга инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. Мындан тышкары, У.Темиргалиев КЭР рыногуна ийгиликтүү экспорттоп жаткан экологиялык таза продукцияны өндүрүүчү өлкөнүн экспорттук потенциалы бар экендигин белгиледи. Alibaba Group өкүлдөрү кыргыз экспортчуларын соода аянтчасына чыгуусуна көмөк көрсөтүүгө, тиешелүү тренингдерди өткөрүүгө даяр экендигин белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында атамекендик продукцияны электрондук коммерция аркылуу КЭР рыногуна чыгаруу боюнча ИУА жана Alibaba Singapore E-commerce Private Limited ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Жолугушуу экономикалык өсүш үчүн натыйжалуу башкаруу (EGED), Дүйнөлүк банк тарабынан ишке ашырылып, […]

Жеңил өнөр жай тармагындагы II кыргыз-корея бизнес-форуму

Опубликовано: 10.08.2023 в 15:27

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

9-августта Бишкекте текстиль жана жеңил өнөр жай тармагындагы кыргыз-корея бизнес форуму өттү. Иш-чаранын темасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова жана Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ю Чжисонг кириш сөзүн жана куттуктоо менен иш чараны ачышты. Форум Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен уюштурулду. Белгилей кетсек, биринчи форум 2022-жылдын сентябрь айында өтүп, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу жеңил өнөр жай тармагында кызматташууну түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга активдүү кызыкдар. Белгилей кетсек, Кыргызстандагы биргелешкен кыргыз-корей жана чет элдик кореялык компаниялардын жалпы саны 41 ишкананы түзөт. Мындан тышкары, Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов өлкөнүн инвестициялык […]

Ат-Башы району менен Чжунмоу уездинин ортосунда боордоштук байланыш түзүү ниети тууралуу билдирүүгө кол коюлду

Опубликовано: 02.08.2023 в 16:08

Автор:

Категории: Жаңылыктар жана окуялалар

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте Хэнань провинциясынын Чжунмоу уездинин жана Чжэнчжоу шаарынын (КЭР) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н.Баясов Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер, кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечектүү багыттары, ошондой эле, өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалы тууралуу айтып берди. Өз кезегинде Чжэнчжоу шаарынын вице-мэри Ху Цян кыргыз тарапты өнүккөн электрондук өнөр жайы, автомобиль өнөр жайы, пахта, тамак-аш жана химиялык өнөр жайы менен таанымал Хэнань провинциясына келип кетүүгө чакырды. Хэнань провинциясына текстиль продукциялары өндүрүлүп, курулуш материалдары, дан эгиндерин иштетүү да абдан мыкты деңгээлде өнүккөн. Жолугушуунун жыйынтыгында Ат-Башы району менен Чжунмоу уездинин ортосунда боордоштук байланыш түзүү ниети тууралуу билдирүүгө кол коюлду. Ат-Башы районунун акими Э.Абдыкадыров менен Чжунмоу уезддин башчысы Дин Вэнься эки мамлекеттин жалпы гүлдөп-өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында экономика, соода, илим жана техника, маданият, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо жана адам ресурстары […]