Улуттук агенттик жана “Alibaba Group” атамекендик продукцияны КЭР рыногуна чыгаруу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

2023-жылдын 14-августунда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиев Alibaba Group өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар атамекендик экспортерлорду B2B маркетплейс шапка жайгаштыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ИУА директору кызматташуу багыттары жана КЭРден КРга инвестициялар бөлүгүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле, жалпы өлкөбүздүн инвестициялык климаты, жеңилдиктер жана преференциялар жөнүндө айтып берип, Кыргызстанда бонд кампаларын курууга инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, У.Темиргалиев КЭР рыногуна ийгиликтүү экспорттоп жаткан экологиялык таза продукцияны өндүрүүчү өлкөнүн экспорттук потенциалы бар экендигин белгиледи.

Alibaba Group өкүлдөрү кыргыз экспортчуларын соода аянтчасына чыгуусуна көмөк көрсөтүүгө, тиешелүү тренингдерди өткөрүүгө даяр экендигин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында атамекендик продукцияны электрондук коммерция аркылуу КЭР рыногуна чыгаруу боюнча ИУА жана Alibaba Singapore E-commerce Private Limited ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Жолугушуу экономикалык өсүш үчүн натыйжалуу башкаруу (EGED), Дүйнөлүк банк тарабынан ишке ашырылып, Улуу Британиянын тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министрлиги тарабынан каржыланган (FCDO).