Жеңил өнөр жай тармагындагы II кыргыз-корея бизнес-форуму

9-августта Бишкекте текстиль жана жеңил өнөр жай тармагындагы кыргыз-корея бизнес форуму өттү.

Иш-чаранын темасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова жана Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ю Чжисонг кириш сөзүн жана куттуктоо менен иш чараны ачышты.

Форум Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен уюштурулду.

Белгилей кетсек, биринчи форум 2022-жылдын сентябрь айында өтүп, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу жеңил өнөр жай тармагында кызматташууну түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга активдүү кызыкдар.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы биргелешкен кыргыз-корей жана чет элдик кореялык компаниялардын жалпы саны 41 ишкананы түзөт.

Мындан тышкары, Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасап, кореялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга үндөдү.

Артыкчылыктуу тармактарга өзүнчө токтолуп, Н.М. Баясов энергетика тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн жана кайра жаралуучу энергия тармагындагы “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу, органикалык продукцияны Кореяга экспорттоо, ошондой эле Бишкек-Сеул түз авиакаттамын эске алуу менен катышуучуларды туризм тармагында иш сапары менен Кыргызстандын берметине – “Ысык-Көл” келүүгө чакырды.

Форум эки өлкөдөн 70тен ашык катышуучулардын башын бириктирип, эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга кандайдыр бир түрткү болду.

Маалымат үчүн:
2019-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде Кореядан ТШИнин жалпы динамикасынын анализи. ТШИнин эң чоң көлөмү 2022-жылга туура келгенин көрсөтүп турат, ал 8,3 млн.АКШ долларын түзгөн. Ошол эле учурда акыркы 5 жылда тышкы инвестициянын жалпы көлөмү 16 млн.АКШ долларды түздү.
Муну менен катар 2022-жылга карата Кыргыз Республикасынын Корея Республикасы менен тышкы соода жүгүртүүсү 157 млн. 597,7 миң долларды түзсө, 2021-жылы эки өлкө менен тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 55 млн.338,5 миң долларды түздү. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 1 жылдын ичинде 2,8 эсеге өстү.