Ат-Башы району менен Чжунмоу уездинин ортосунда боордоштук байланыш түзүү ниети тууралуу билдирүүгө кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте Хэнань провинциясынын Чжунмоу уездинин жана Чжэнчжоу шаарынын (КЭР) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н.Баясов Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер, кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечектүү багыттары, ошондой эле, өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалы тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Чжэнчжоу шаарынын вице-мэри Ху Цян кыргыз тарапты өнүккөн электрондук өнөр жайы, автомобиль өнөр жайы, пахта, тамак-аш жана химиялык өнөр жайы менен таанымал Хэнань провинциясына келип кетүүгө чакырды. Хэнань провинциясына текстиль продукциялары өндүрүлүп, курулуш материалдары, дан эгиндерин иштетүү да абдан мыкты деңгээлде өнүккөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ат-Башы району менен Чжунмоу уездинин ортосунда боордоштук байланыш түзүү ниети тууралуу билдирүүгө кол коюлду.

Ат-Башы районунун акими Э.Абдыкадыров менен Чжунмоу уезддин башчысы Дин Вэнься эки мамлекеттин жалпы гүлдөп-өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында экономика, соода, илим жана техника, маданият, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо жана адам ресурстары жаатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.