Үрүмчүдөгү бизнес форумда Кыргызстан менен Кытай 1 млрд долларды түзгөн 29 келишимге кол койду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиги 2023-жылдын 19-августунда, Үрүмчү шаарында “Кытай-Евразия” ЭКСПО алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном районунун ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча бизнес-форум уюштурду.

Бул иш-чарага Кыргызстан менен Кытайдын бизнес-коомчулугунун 200дөн ашык ишкерлери катышты. Анда эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бизнес-форумда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров жана парткомдун катчысы, СУАРдын Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй мырза сөз сүйлөштү.

Ошондой эле, экономика, энергетика министрлери, Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору презентация жасашты.

Улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев “Биздин өлкөдө инвестициялык ишмердүүлүк жүргүзгөн инвесторлор 3 жылга чейинки мөөнөткө 10 млн. сом инвестиция босогосу менен инвестициялык виза алууга укуктуу. Бизнес-секторду стимулдаштыруу жана колдоо үчүн салык чөйрөсүндө либералдуу реформалар жүргүзүлүп, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн колдонуудагы жеңилдиктер сакталды. Ошондой эле лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо – көзөмөлдөө чөйрөлөрүн реформалоо боюнча иштер жүргүзүлдү”, – деп белгиледи.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында жалпы суммасы 1 млрд АКШ долларын түзгөн 29 келишимге кол коюлду.

Ишкерлердин жолугушуусу келечекте кызыктуу жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жол ачты.

Иштин багыттары энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү, курулуш, маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуу сыяктуу кызматташтык чөйрөлөрүнө тиешелүү болду.

Кытай Эл Республикасынын бизнес-коомчулугунун кеңири курамын эске алуу менен ата мекендик ишкерлер үчүн бизнес-сектордун өкүлдөрүнүн арасында ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү сунушталды.