2023 – кыргыз-фин бизнес форуму: Жаңы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу, пайдаланылбаган потенциалды изилдөө

2023-жылдын 28-августунда Бишкекте 2023 – кыргыз-фин бизнес-форуму болуп өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, БУУӨПтүн Финляндия Өкмөтү каржылаган “Соодага көмөктөшүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурду.

Иш-чара кыргыз-фин бизнесинин ортосунда байланыш түзүү, энергетика, айыл чарба, курулуш, IT-технологиялар жана жашыл экономика сыяктуу тармактарда кызматташууну жайылтууга багытталды.

Анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Финляндиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист, ЕСтин КРдагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йозефсон, БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал сөз сүйлөштү.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы өнөктөштүк мамилелерди жөнгө салууну, инновациялык идеялар менен алмашууну жана пайдаланылбаган потенциалды изилдөөнү символдоштурган форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, “2022-жылы Кыргызстандын Финляндияга экспорту 112 миң долларды, импорту 3,5 млн долларды түздү. Кыргыз Республикасында ар тараптуу чет элдик инвесторлор өз ишин жүзөгө ашырышат. Андыктан, Кыргызстан жаңы ишкерлерди кабыл алууга ар дайым даяр. Биз чет элдик инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун толугу менен колдойбуз. Аларды мындан ары ишке ашырууга максималдуу жардам берүүгө даярбыз”, – деген оюн билдирди.

Финляндиянын элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист БУУӨПтүн “Соодага көмөктөшүү” сыяктуу долбоорлору Финляндиянын инклюзивдүү, туруктуу өнүгүү жана өнөктөштүк баалуулуктарынын жандуу ишке ашуусу экенин белгилеп, “БУУӨП Финляндия Өкмөтү менен өнөктөштүктө кыргыз өкмөтүнө бизнес гүлдөп, туруктуу өнүгүүгө салым кошо ала турган чөйрөнү түзүүгө жардам берет”, – деп билдирди.

Ал эми улуттук агенттик бизнес-форумдун катышуучуларына жагымдуу инвестициялык климат, чет элдик инвесторлордун жеке капиталын коргоо, инвестиция жаатындагы башкаруу системасын жакшыртуу тууралуу айтып берди.

Презентацияда улуттук агенттиктин инвестицияларды тартуу жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен иштөө башкармалыгынын башчысы Т.Таалайбекова Кыргызстандагы салык ставкаларынын төмөндүгү, квалификациялуу жумушчу күч, арзан электр энергия, дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсү үчүн визасыз режим сыяктуу жакшы жактарды баса белгиледи.

Иш – чарада чыгыш менен батыштын ортосундагы көпүрө катары республиканын географиялык абалы, ошондой эле аймактык рынокторду интеграциялоо демилгелеринде өлкөнүн ролу чоң экени айтылды.

Форумдун алкагында 10дон ашык фин компаниясынын өкүлдөрү В2В форматында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү.

Бул эки өлкөнүн ишкерлери катышкан үчүнчү кыргыз-фин бизнес-форуму болгондуктан, эми потенциалдуу кызматташтыктын багыттары изилденет.