Улуттук агенттик кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайт

Урматтуу мекендештер, кесиптештер, өнөктөштөр жана достор!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыккүнү менен куттуктайм!

Бул маанилүү күнү биз өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү этап болгон жана анын өнүгүүсү үчүн жаңы горизонтторду ачкан Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларациянын кабыл алынышынын 32 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Бул жылдар аралыгында биз экономикабызды чыңдоо, жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана коомдук инфраструктураны жакшыртуу үчүн көп баскычтардан өттүк. Инвестициялар улуттук экономиканын өсүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп калгандыгы кубандырат.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик акыркы жылдары экономиканын реалдуу секторлоруна инвестицияларды тартуунун үстүндө талыкпай эмгектенип келет.

Бардык өнөктөштөрүбүзгө, инвесторлорубузга алардын ишеними жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз Кыргыз Республикасына туруктуу инвестиция салууга кызыккандар үчүн бирдиктүү терезе катары кызмат кылууга дайым даярбыз.

Бул майрам күнү баарыңыздарга ачык асман, тынчтык, бакубатчылык каалайбыз. Өлкөбүз экономикалык жактан өнүп, гүлдөп өсө берсин!

Майрамыңыздар кут болсун!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору жана эмгек жамааты.