Швейцариялык өкүлдөр Кыргызстанда инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттар жагымдуу экенин белгилешти

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде  дүйнөдөгү эң ири азык – түлүк өндүрүүчү Nestlé Швейцариянын транс улуттук корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда Улуттук агаенттиктин директорунун орун басары Н.Баясов Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климат жана экспорттук потенциал тууралуу айтып берип, продукцияларды өндүрүү тизмегинин бир бөлүгү боло турган 200дөн ашык ата мекендик экспорттук компаниялардын тизмеси менен тааныштырды.

Швейцариянын транс улуттук корпорациясынын өкүлдөрү өндүрүштү Кыргызстанда локалдаштыруу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экендиктерин билдирип, өлкөнүн географиялык жайгашуусу жана инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттар жагымдуу экендигин белгилешти.

Маалымдама: Nestlé S.A (толук аталышы — Nestlé Société Anonyme) — дүйнөдөгү эң ири тамак-аш өндүрүүчү. Компаниянын Штаб-квартирасы Швейцариянын Веве шаарында жайгашкан. Анын продукциялары дүйнө жүзү боюнча чоң суроо-талапка ээ жана KitKat, Maggi, Nescafe, Nesquik, Nestea маркадагы бренд.