Улуттук агенттиктин жамаатына директор тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 7-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жамаатына ведомствонун жаңы башчысы Талантбек Имановду тааныштырды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Талантбек Иманов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектеген.

Улуттук агенттиктин мурунку директору Умбриэль Темиралиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун башка буйругуна ылайык, кызматынан бошотулду.