Инновациялык өнүгүү жана экономикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр…

Бишкек шаарында Кыргызстан менен аймактык соода-экономикалык кызматташтыктын пилоттук аймагынын ортосунда ишкердик жолугушуу болуп өттү. Иш-чара тажрыйба алмашууга, инновациялык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана экономикалык мамилелерди кеңейтүүгө арналды.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын бизнес-түзүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын жана башка бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, иш-чарага кытайлык Wui Choi Holdings Limited, Macaо Bridge Technology (Qingdao Aozhong) Co., Гонконг ассоциацияларынын Шаньдун федерациясы, Qingdao Lu Hai Grain & Oil Co., Teld New Energy Co компанияларынын өкүлдөрү да келишти.

Негизги темалардын бири ШКУнун пилоттук зонасы болду. Ал келечекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын маанилүү элементи болуп калышы мүмкүн. Бул аймак новатордук долбоорлорду иштеп чыгуу жана экономикалык мамилелердин чектерин күчөтүү үчүн эки тараптын бизнес үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү болот.

Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н.М.Басов өз сөзүндө Улуттук агенттик жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүүгө, чет элдик инвесторлорго бардык зарыл болгон колдоолорду көрсөтүүгө умтуларын билдирди. Ошондой эле, кытайлык инвесторлорду жана ишкерлерди Кыргыз Республикасы сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө чакырды.

Жолугушуу ийгиликтүү өтүп, Кыргызстан жана аймактык соода-экономикалык кызматташтыктын пилоттук зонасы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр экендигин көрсөттү.