Кыргызстан-Кытай ортосундагы корпоративдик кызматташтык конференциясында бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Шаньдун провинциясынын (КЭР) өнөр жай жана маалымат департаменти Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда корпоративдик кызматташуу боюнча ийгиликтүү конференция өткөрүштү.

Иш-чараны Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров жана Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Лин У ачты.

Эки тарап тең эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жана инновацияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Кыргызстандын өкүлдөрү инвестициялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат түзүлгөндүгүн билдиришти. Буга катар Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Лин У эки өлкөнүн базарларын кеңейтүү боюнча биргелешкен ишке даяр экендиктерин айтты.

Конференцияда бир катар төмөнкү документтерге кол коюлду:

-Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;

– КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Шаньдун провинциясынын өнөр жай жана маалымат департаментинин ортосундагы стратегиялык кызматташтык жөнүндө Меморандум;

-Ляочэн шаары менен Ысык-Ата райондук сотунун ортосунда достук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуу;

– Шэнь уезди менен Кант шаарынын ортосунда достук мамиле түзүү жөнүндө макулдашуу;

– Дунъэ уезди менен Новопокровка айылынын ортосунда достук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;

– Чүй облусунун Шаньдун провинциясынын Ляочэн шаарынын Шэнь уездинин заманбап айыл чарба илиминин жана техникасынын демонстрациялык паркын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Конференциянын экинчи бөлүгү артыкчылыктуу долбоорлордун бетачарына жана В2В форматындагы жолугушууларга арналып, эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө кызматташуу, жаңы долбоорлорду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого мүмкүндүк берди.