Улуттук агенттик менен China Energy Engineering Corporation энергетика тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

2023-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов менен «China Energy Engineering Corporation» кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Электр станцияларын курууга жана аларга жабдууларды чыгарууга адистешкен компания Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөргө кызыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын алкагында компанияга берилчү жеңилдиктер жана преференциялар тууралуу маселелер талкууланды.

Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө артыкчылыктуу көңүл бурарын, учурда кыргыз-кытай мамилелери жогорку деңгээлге чыкканын белгиледи.

Аталган компания Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылынын аймагында кубаттуулугу 500 мВт болгон күн электр станциясын куруу ниетин билдирди. Долбоордун рентабелдүүлүгү боюнча изилдөө жана инвестициялык келишимди даярдоо иштери жүрүп жатат.