Кыргыз делегациясы Стамбул шаарында (Түркия) өткөн “Бир алкак – бир жол” жана “Орто коридор” жаңы рыноктор конгрессине жана көргөзмөсүнө активдүү катышууда

Кыргыз Республикасынын делегациясы Стамбул шаарында (Туркия) “Бир алкак – бир жол” жана “Орто коридор” жаңы рынокторунун Конгрессине жана көргөзмөсүнө катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Н.М. Баясов “Бир алкак – бир жол” жана “Орто коридор” жаңы рынокторунун конгрессинин жана көргөзмөсүнүн ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ал эл аралык аренада тез өзгөрүп жаткан кырдаалды эске алуу менен иш-чаранын актуалдуулугун белгиледи.

Н.Баясов “Орто коридор” жана “Бир алкак – бир жол” демилгесинин бир бөлүгү экенин жана Батыш менен Чыгыштын, Түштүктүн жана Түндүктүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде маанилүү орунду ээлей турганын баса белгиледи.

Бул транспорттук байланыш биздин өлкөлөрдүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ, ал өнөктөштүк кызматташтыктын диапазонун кеңейтет жана ошону менен аймактагы соода операцияларын көбөйтөт.

“2021-жылы Кыргызстандын Түркия, Азербайжан, Кытай, Грузия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен тышкы соода жүгүртүүсү 3,5 млрд. АКШ долларын, ал эми 2022 – жылы-6,6 млрд. АКШ долларын түзгөн. Ошентип өсүш 53% түздү. Ошондой эле, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүнкү иш – чарага катышкан өлкөлөрдүн түз инвестициялары 750 млн.АКШ долларынан ашты”, – деп Улуттук агенттиктин директорунун орун басары билдирди.

Н.Баясов Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү улантып жатканын жана инвесторлорго бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген жана ыңгайлуу режимди берүүгө даяр экенин өзгөчө белгиледи.